​Коронавирустун 275 учуру катталды. 4 бейтап каза тапты

  • 4 года мурун

9-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 275 учуру катталды. 4 бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 40;
Ош — 25;
Чүй облусу – 28;
Ош облусу — 49;
Талас облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 47;
Баткен облусу — 74.

Бир сутка ичинде 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 3 медкызматкер үй карантининен чыгарылды.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3379га жетти. Алардын арасынан 3075 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 48 617ге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан төрт киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1077 ге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты