​Тилек Токтогазиев: “Биз революцияны баштадык, аны аягына чыгарышыбыз керек”

  • 4 года мурун

“Ата Мекен” партиясынан талапкер, акыркы кырдаалга байланыштуу өзүнүн талапкерлигин премьер-митистрликке көрсөткөн Тилек Токтогазиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу, ага жана анын үй-бүлөсүнө криминалдык дүйнө тарабынан чабуул боло тургандыгын, социалдык тармактардагы аккаунттарына да чабуул болгондугун билдирди.

“Мен премьер министрликке талапкерлигимди көрсөткөндөн кийин, криминалдык дүйнө тарабынан мага жана үй-бүлөмө чабуул болот деген маалыматтарды айрым адамдар жиберишти. Садыр Жапаровдун атаандаштарын криминалдык элементтер ар кандай жолдор менен коркутуп жатышыптыр. Бирок биз алардан коркпойбуз” – дейт ал.

Революцияны уурулук системаны сындырып, кландык башкарууну жок кылалы деп жасагандарын, бирок башкалар мындан колдонуп бийликке келип алгандыгын айтат.

Ал бул туурасында төмөнкүлөргө токтолду:

“Биз революцияны баштадык, аны аягына чейин чыгарыш керекпиз. Таза саясий оппозициялык күчтөрдү бириктирдик. Алар: “Ата Мекен”, “Республика”, “Бир Бол”, “Реформа” партиясы биригип, күчтүү бир блокту түздүк. Башка партиялар да бизди колдоп атышат”.

Эске салсак, 6-октябрда VI чакырылыштын 62 депутаты Садыр Жапаровду премьер-министрликке талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары эки топ болуп, эки башка жыйын курушкан. Жогоруда аталган чечим биринчи топтогу депутаттардын чечими.

Сүрөт: «Политклиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты