​Бишкекте “Акыркы үмүт” аталышындагы тынчтык акциясы өтөт

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-октябрда, саат 14.00дө Темир Жол станциясынын алдында уюшкан кылмыштуу топторго каршы «Акыркы үмүт» деп аталган акция болот.

Аны жарандык активисттер, саясатчылар уюштурууда.

Уюштуруучулардын маалыматына таянсак, акция уюштурууга Кыргызстанда үч күндөн бери уланып жаткан саясий кризис себеп болууда.

Алар уюшкан кылмыштуу топтор абалдан пайдаланып бийликти ээлеп алууга аракеттенип, кызмат бөлүштүрүп жатышат деп эсептешет.

Криминалдык топтор артында турган өкмөттү куроо боюнча аракет көрүлүп жатканын айтышып, буга каршылык билдире турган болушууда.

«Уюшкан кылмыштуу топтор учурдан пайдаланып, өзүлөрүнүн адамдары аркылуу бийликти басып алууга жана портфелдерди бөлүшүүгө аракет кылып жатышат. Жакынкы арада кылмыштуу топтордун колдоосу менен башка өкмөт келип калганы турат» — деп жазылган уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, мунун айынан депутаттар ачык чогулуп, мыйзамдуу түрдө чечим чыгара алышпай жатышкандыгын белгилешет.

“Депутаттар ачык чогулуп, мыйзамдуу түрдө чечим чыгара алышпай жатышат, бизнес жана чет элдик инвесторлор кысымга алынышып, журналисттер жана жарандык активисттер бир нече жолу коркутууга кабыл болгондорун билдиришти!” дейт акциянын уюштуруучулары.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты