Анар Мусабаева: Өлкөдөгү кырдаал кооптуу болуп турат (Видео)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал жана андан чыгуунун жолдору тууралуу сөз кылабыз.

Студиянын мейманы – политолог Анар Мусабаева.

— Анар айым, азыркы саясий абалга кандай баа берер элеңиз жана кырдаалдан кантип чыгабыз?

— Өлкөдөгү кырдаал азыр кооптуу болуп турат. 4-октябрдагы шайлоодон кийин ушундай болуп кетти. Бийлик алмашып, укуктук талаага келе албай жатабыз. Бул — абдан кооптуу.

Ак үйдү таштап кеткен президенттер кайрылып келген эмес

— Кээ бирөөлөр Президентке импичмент жарыялаш керек десе, дагы бирөөлөрү азыркы мамлекет башчы деген өкмөттү бекитип берсин, андан аркы бийлик Жогорку Кеңешке өтөт дешет. Сиздин пикириңизче мамлекет башчыга импичмент жарыяланышы мүмкүнбү?

— Тилекке каршы, азыр кейиштүү абалда турабыз. Президент бир жакта туруп, легитимдүү Президентмин деп кайрылуу жасады. Де-юре ал өзүнүн полномочиесин өткөрүп берген жок, отставкага кеткен жок.

Өзүңөр билесиңер, Кыргызстанда де-юреге караганда, де-факто көбүрөөк маанилүү. Революция дейбизби, ушундай элдик толкун болгондон кийин Президент Ак үйдү таштап кетти. Ушундай кырдаалда легитимдүү Президентмин деп эмнеге үмүттөнүп жатат, түшүнбөйм.

Биздин соңку тарыхта деле Ак үйдү таштап кеткен президенттер чынында бийликке кайра кайтып келген эмес.

Президент саясий күчтөр сунуштарын айтса дейт. Бирок сунуш бере турган күчтөр азыр жок экенин көрүп турабыз, алар чаржайыт, бийлик талашып, конституциялык, укуктук жолго келе албай жатат. Президенттин кайра кайтышы мүмкүн эмес деп ойлойм, азыр кеч болуп калды. Жаңжал чыга электе эле, ушунчалыкка жеткирбей, элге, нааразы күчтөргө кайрылуу жасап чыкса болмок.

Азыр башка жолдору каралып жатат, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш аркылуу Конституциялык укуктук талаага кирип алсак деген аракеттер жүрүүдө. Тилекке каршы, алар да ишке ашпай жатат.

Жогорку Кеңеш Президентке импичмент жарыяласа болмок

— Сиздин оюңузча импичмент маселеси туура болобу?

Ушундай кырдаалда Жогорку Кеңеш чогулуп, импичмент жарыяласа болмок.

Анын башка жолу деле бар болчу, Сооронбай Жээнбеков өз каалоосу менен полномочиемди тапшырдым деп чыкса, анда импичмент жарыялабай эле, башка жолдорун издесе болмок. Ал дагы эле легитимдүүмүн деп айтып жаткандан кийин, каякта экенин эч ким билбесе, өзүнүн аткарчу жумушун аткарбаса, анда Жогорку Кеңеш импичмент жарыяласа болот.

Бирок иш жүзүнө келгенде парламентте Президентти колдогон күчтөр көп да, ошондуктан импичмент жарыялаганга көпчүлүгү баргысы келбей жатат.

Алардын кандайдыр ою барбы же коркуп турушабы, эмнеден коопсузданып жатат, бир жыйынтыкка келе алган жок. Эгерде (парламент) жоопкерчиликти алып, мамлекеттин келечегин ойлоп, өзүнүн полномочиесин аткарып, импичмент жарыяласа, анда Конституциялык, укуктук жагдайга келгенге шарт түзүлөт эле.

— Жогорку Кеңештин сессияларынын биринде ошол кездеги депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңеш өз миссиясын аткара албай жатат деп мандатын тапшырган. Жогорку Кеңеш ошондой миссиясын колго алышы керек да.

-Колго алышы керек, бирок алар жоопкерчилигин сезбей жатат. Өлкө үчүн, эл үчүн деген депутаттар саналуу эле болууда. Көбү өздөрүнүн камын ойлоп жатат, элди ойлобой. Бул — абдан кейиштүү. Премьер-министрликке бычакка сап саясатчы таппай жатабыз. Кээ бирөөнүн саясий тажрыйбасы жок, кээ бирөө жөн эле жулунуп жатат.

Премьер-министрлик кызмат оюнчук эмес да

—Преьер-министрликке Тилек Токтогазиевди, Садыр Жапаровду сунуштап жатышат, булар талапкер болушу керекпи?

— Бул төңкөрүш, революциянын мыйзамдары болуп кетти. Мыйзам боюнча өзүнүн процедуралары бар. Премьер-министрлик кызмат оюнчук эмес да, “келип эле мен болом” деген. Анын процедуралары бар, коалиция чогулуп, ал көрсөтүп, комитет карап, андан кийин Жогорку Кеңешке алып чыгыш керек эле. Депутаттар чогула албай, кворум болбой, өзүнчө саботаж десек болот, өзүнүн коопсуздугун да ойлоп. Криминалдар да киришип кетти деген маалыматтар болуп жатат.

Ар ким өзүн-өзү премьер-министрликке шайлашы туура жол эмес. Ар кайсы күчтөр ушул кырдаалдан пайдаланып, бийликке келүүгө аракеттенүүдө.

— Оппозициялык деп аталган партиялар консенсуска келиши керек. Вице-премьерлер убактылуу милдет аткарса болот деп жатышат. Же координациялык кеңеш биригип, убактылуу өкмөт түзүлүп, бир айласын таппаса, анархия болуп кетти. Же Президент жок, же Жогорку Кеңеш чогулбайт. Өкмөт башчы Боронов отставкага кетти, бирок де-юре ал кабыл алынган жок, ага Президент кол койгон жок.

Ошон үчүн бир чечимге келиш керек, антпесек криминалга алдырып жиберебиз, же тышкы күчтөр да пайдаланып кетиши мүмкүн.

— Координациялык кеңештин иши кандай жүрүшү керек?

— Башында алар туура эмес жолго түшүштү. Эки комитет түзүп, бири-бири менен бириге албай келишти. Башынан эле биригиш керек болчу. Эми ушундай кырдаал түзүлгөндөн кийин, элди көчөгө алып чыккандан кийин, жоопкерчилигин сезип, башында эле бир чечимге келишсе болмок.

БШК жаңы шайлоо дайындаса болот

— Жогорку Кеңеш чогула албаса, кандай болот?

-Анда дагы башка жолдору бар. Координациялык кеңеште талкуулап, юристтерди чакырып, бир чечимге келиш керек. Дагы бир мүмкүнчүлүк бар, Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнө полномочие алып, жаңы шайлоолорду дайындаса болот.

— Шайлоого чейин өлкөнү ким башкарышы керек?

— Убактылуу өкмөт сыяктуу түзүү керек. Болбосо мамлекеттүүлүктү жоготуп баратабыз, мамлекеттик институттар урап калышы мүмкүн. Техникалык премьер-министрди тандашы керек.

Кызматты басып алуу, рейдерлик, талоончулук болуп жатканы маалым. Булардын баары жакынкы күндөрү басылат деп ойлойсузбу?

-Ошолорду жолго сала тургандар ким? Биринчи укуктук талаага кириш керек. Басып алуу жолу мурдагы революцияларда да болгон. Биздин саясий элита шайлоого чыкканда беткап кийип чыгышат экен. Ар ким кырдаалдан пайдаланып, өз кызыкчылыгын көздөгөнгө аракет кылып жатат. Укуктук талаага кирмейинче мүмкүн эмес, дагы эле ушундайлар боло берет.

Элге баа бериш керек, жарандар кошундарды түзүп алып мүлктү коргоп, өкмөт үйүн да кайтарып турушту. Кечкисин мүлктү талап-тоноочулуктан коргошууда. Бул — өзүн-өзү сактоо инстинкти.

— Кайра шайлоого мурдагы партиялар, “Биримдик” , “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу партиялар да катыша алабы?

— БШК тарабынан шайлоо жокко чыгарылбадыбы. Кайра шайлоодо катышпашы керек. Мыйзам боюнча да, моралдык да укуктары жок.

Айгүл Бакеева

Сүрөт: “ПолитКлиника”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты