​Канткенде парламент менен Президенттин катышуусу жок кайталап шайлоо жарыялоого мүмкүн?

  • 4 года мурун

Укук коргоочу Сания Токтогазиева өзүнүн чечимин мыйзамга ылайык сунуштайт: ⠀

• Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 38-беренесине ылайык, эгер шайлоо өткөн жок деп табылса жана кайра өткөрүлгөн шайлоо жараксыз деп табылса бир айдын ичинде кайталап шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы дайындайт.

• Кайталап шайлоо өткөрүүчү кызматтарга талапкерлер мурунку шайлоонун жараксыз болушуна тиешеси болгон адамдардан болбош керек.

• Азыр БШКнын кайталап шайлоо жарыялоого толук укугу бар. Анткени шайлоонун жыйынтыгы өкмөттүк “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан жокко чыгарылды. Ошондуктан бул партиялар жана алардын өкүлдөрү үчүн кайталап шайлоого катышууга болбойт жана алар бийликке башка партиялар аркылуу келе алышпайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты