​Ошто Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары митингге чыкты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 8-октябрь Ош шаарынын борбордук аянтына кайрадан эл чогулуп, митинг өтүүдө. Аянттагылар президент Сооронбай Жээнбековду колдоо максатында чыгышкан.

Аянттагы митингге баш аягы 500дөй киши чогулган. Митингдин катышуучулары бул тынчтык митинги экенин билдиришкен.

Алар: “Сооронбай Жээнбеков биздин легитимдүү президент. Бизге стабилдүү коопсуздук жана мыйзамдуу бийлик керек! Мамлекет укуктук талаага кайтышы керек”, — деген талаптар менен чыгышкан.

Митингден Сооронбай Жээнбековду колдоо максатында жазылган плакаттарды жана атчан туу көтөргөн жигиттерди көрүүгө болот.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты