Искендер Матраимов, Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров Садыр Жапаровго ишеним кат менен добуш бергенин ​Мыктыбек Абдылдаев тастыктады

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Мыктыбек Абдылдаев, Эльвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, Искендер Матраимов, Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров Садыр Жапаровду премьер-министрликке көрсөтүүгө ишеним кат менен добуш бергенин тастыктады.

Ошондой эле, ЖКнын депутаты Садык Шер-Нияз “Кечээ, Садыр Жапаровго кол коесун деп, криминал коркутуп кол койдуртуп алган”, — деп айтты. Ошондой эле депутат “буга макул болгончо өлгөнүбүз артык” деп билдирди.

4-октябрда өткөн парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Ошол түнү милиция митингчилерди кууп-таратууга аракеттенген. Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митинчилер менен милициянын кагылышуусу болгон.

6-октябрга оогон түнү митингчилер Президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Садыр Жапаровдун тарапташтары аны СИЗОдон чыгарып алышкан.

Жогорку Кеңештин депутатары ЖКнын төрагасын жана премьер-министрди шайлоо үчүн чогулган, бирок кворум топтоло элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты