​Садыр Жапаров: Тилек Токтогазиевдин мени легитимсиз дегени — бул анын ою

  • 4 года мурун

Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров чукул пресс-конференция өткөрүп, кызматтык милдетти аткарып жатканын билдирип, дагы бир талапкер Тилек Токтогазиевди жана анын командасын кызматташууга чакырды.

Пресс-конференцияда Садыр Жапаров: “Жаштардын эмне каалап жатканын түшүнүп турам. Алар коррупцияга белчесининен баткан саясатчылардын келишине каршы чыгып жатышат. Мен коррупционер эмесмин да. Ал эми, Тилек Токтогазиевдин менин ишмердигимди легитимсиз деп жатканы анын жеке ою” деди.

Ошондой эле, Садыр Жапаров милиция кызматкерлеринин иш баштоосуна буйрук бергенин жана өзүнө мамлекеттик жан сакчы, кызматтык машина алганын айтып өттү.

Жаштардын атынан премьер-министрликке көрсөтүлгөн Тилек Токтогазиевди жана башка жаштарды кызматташууга чакырды.
Кечээ, 6-октябрда, Садыр Жапаров өзүнүн өкмөт башчылык кызматка киришкенин жар салган.

Бирок, Тилек Токтогазиев жаштардын жана өзүнүн Садыр Жапаровдун өкмөт башчы кызматын тааныбай турганын айтып, учурда ал өкмөт үйүнүн имаратында партия мүчөлөрү менен жыйын өткөрүүдө.

Эске салсак, кечээ 6-октябрда VI чакырылыштын 62 депутаты Садыр Жапаровду премьер-министрликке талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кетүүгө арыз жазганы маалым болду. Өкмөт башчылыкка «Достук» отелине чогулган депутаттар тобу Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунуштаган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты