«Жанар Акаевди уурдап кетти» деген маалымат — калп

  • 4 года мурун

Бүгүн, 7-октябрь күнү саат 12 чамасында Ала-Тоо аянтындагы митингден чыгып бараткан жеринен Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынан Жанар Акаевди белгисиз бирөөлөр автоунаага салып кетүүгө аракет кылышканын Твиттер колдонуучусу жазып чыккан.

Бирок, Жанар Акаевди өкмөт үйүндө өтүп жаткан жаштардын жыйынына катышып, өз пикирин билдирип жатканын көрүүүгө болот.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев, криминалдар баш көтөрүп айрым ишкерлерди басып алуу коркунучу болуп атканын белгилеп, баардыгын бир чечимге келүүгө чакырды.

“Азыр шаарды сактап калышыбыз керек. Ар бирибиз өзүбүздүн тарапташтарыбызды токтотуп, ар кайсы минитсрликти басып албайбы. Күч органдары ишке чыгып, шаар ичиндеги коопсуздукту коргосун”.

Жогорку Кеңештин депутаттарына тийбей, аларды бириктирип убактылуу өкмөттү шайлайлы деген пикирин билдирди.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты