Жаштар Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка сунушташты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 7-октябрда, Садыр Жапаровдун өкмөт башчы кызматына келүүсүнө каршы чыккан жаш митингчилер борбордук аянтка чогулду

Чогулгандар “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү 30 жаштагы Тилек Токтогазиевди премьер-министрликке сунушташты.

Митингде Эльвира Сурабалдиева, Жанар Акаев жана башка жаш активисттер болду. Аянттагы жаш митингчилер Тилек Токтогазиевди премьер-министр катары сунуштап, өкмөт үйүнүн имаратына бет алышты.
Эске салсак, кечээ 6-октябрда VI чакырылыштын 62 депутаты Садыр Жапаровду премьер-министрликке талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары эки топ болуп, эки башка жыйын курушкан. Жогоруда аталган чечим биринчи топтогу депутаттардын чечими.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты