Садыр Жапаров өкмөт башчылык милдетти мыйзамдуу аткара алабы?

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин «Достук» отелинин жыйындар залына чогулган депутаттар тобу Садыр Жапаровдун талапкерлигин отставкага кеткен премьер-министр Кубатбек Бороновдун ордуна сунушташы мыйзамдуубу?

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиеванын «Клооп kg» сайтына билдиргенине караганда, Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин төмөндөгү себептер боюнча аткара албайт:

1) Премьер-министрди дайындоо тууралуу жарлыкты Президент чыгарат;

2) Садыр Жапаров программасын,өкмөттүн структурасын жана курамын сунуштаган жок;

3) кворум боюнча маселе күмөндүү, себеби жыйынга катышпаган депутаттардын ишеним каты бар дешти, бирок аны эч ким көргөн жок.

Премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кетүүгө арыз жазганы маалым болду. Өкмөт башчылыкка «Достук» отелине чогулган депутаттар тобу Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунуштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты