​Жогорку Кеңеш депутаттары эки топто, эки башка жыйын курду

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары экиге бөлүнүп жыйын курду.

Биринчиcи — “Достук” отелинде спикер Дастан Жумабеков баштаган топ жыйын курду. Ал жыйынга журналисттер киргизилген жок. Анда эмне маселе каралганы да белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда алар өкмөт башчылыгына Садыр Жапаровду көрсөтүп жатканы маалым болгон. Бул топто:

  1. Аида Касымалиева;
  2. Умбеталы Кыдыралиев;
  3. Кожобек Рыспаев;
  4. Алмазбек Акматов;
  5. Алмазбек Токторов;
  6. Мирлан Бакиров;
  7. Талант Мамытов;
  8. Мыктыбек Абдылдаев;
  9. Курманкул Зулушев;
  10. Тариэл Жоробеков ж.б. бар.

ЖК депутаттарынын экинчи тобу Кино үйүнүнн жыйындар залына чогулду. Алар кезектеги ЖК жыйынын чакыруу маселесин талкуулашканы айтылды. Парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу үчүн 45 депутат кол койгонун, кол коюу дагы уланып жатканын билдиришти. Алар 7-октябрда ЖК жыйынына чогула турганы жана элдик өкмөттү курай турганы маалым болду.

Экинчи топто:

  1. Жанар Акаев;
  2. Наталья Никитенко;
  3. Альфия Самигулина;
  4. Асел Кодуранова;
  5. Абдывахап Нурбаев;
  6. Дастан Бекешев жана башка «Ата Мекен», КСДП, «Республика» фракцияларынын депутаттары бар.

4-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо болгон. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өткөн. Митингчилер Ак үйдү басып алышкан.

БШК 6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты