Мирлан Бакиров, ЖКнын вице-спикери: “Мен БШКнын чечимин колдойм”

  • 4 года мурун

“Достук” мейманканасында өтүп жаткан Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кезектеги жыйынына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизген жок.

“Достук” отелинен, Жогорку Кеңештин депутаттары чогулат деген жыйындар залынан чыккан Жогорку Кеңештин вице-спикери , «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров азыркы абалдан парламент аркылуу убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, алдыга жылыш керектигин, Садыр Жапаровду өкмөткө көрсөтүп атышкан болсо, колдой тургандыгын билдирди.

“Мен,алтынчы чакырылыштын депутаты катары бул жерге келип атам. Элдин нааразычылыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мен партиянын өкүлү катары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин колдойм, — деди Мирлан Бакиров.

Ошондой эле журналисттердин “Шайлоо таза өттүбү? Матраимов кайда?”, — деген суроолоруна, Матраимов кайда экендигин билбей турганын, аны менен сүйлөшө электигин билдирди.

Шайлоонун жүрүшү боюнча Мирлан Бакиров төмөнкүлөргө токтолду:
«Мен партиянын төрагасы катары аймактарда үгүт иштерин жүргүзүү менен алектенип, конкреттүү шайлоо участкаларына катышкан жокмун. Албетте, участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлгөн актыга ылайык, көп жерде мыйзам бузууга жол берилген учурлар болду», — деди ал.

Бүгүн Бишкекте «Достук» отелинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү чогулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты