Коронавирустун 164 учуру аныкталды

  • 4 года мурун

6-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 164 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 20;
Ош — 22;
Чүй облусу – 19;
Ош облусу — 9;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 21;
Баткен облусу — 59.

Бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 4 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3336га жетти. Алардын арасынан 3063 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 47 799га жетти.

123 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 43 644кө жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты