COVID-19: 207 учуру катталды

  • 4 года мурун

5-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 207 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 26;
Ош — 4;

Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 34;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 46;
Баткен облусу — 75.

Бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 3 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3327ге жетти. Алардын арасынан 3099 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 47 625ке жетти.

103 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 43 521 ге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты