​Бүгүн шайлоонун жыйынтыгына каршы тынчтык акциясы өтөт

  • 4 года мурун

Шайлоого катышкан «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа», «Замандаш», «Социал-демократтар» жана «Ыйман Нуру» партиялары добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул эмес экендиктерин билдиришти.

«Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери түнкү бирде орток басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар 5-октябрда кыргызстандыктарды Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдына саат 14.00гө тынчтык акциясына чакырышты.

«Олигархиялык топтордун, криминалдардын, уурулардын парламентке келишине жол бербешибиз керек. Ошондуктан ушул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча эртең бүтүндөй кыргызстандыктарды чакырабыз», — деди «Ата Мекендин» тизме башындагы талапкери Жанарбек Акаев.

«Уурдалган арам акчаны эл арасына бүлүк салып жумшагандарды эртең БШКга далилдеп бергибиз келет. Ошондуктан эртең Кыргызстандагы Опера жана балет театрынын астына чакырабыз»- деп билдирди «Республиканын» лидери Мирлан Жээнчороев.

«Социал-демократтар» партиясынын бир нече мүчөсү шайлоонун жыйынтыктарына каршы өкмөт үйүнүн алдына чыгып, мөөнөтсүз тынчтык митингин баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ) саат 23:00гө карата маалыматы боюнча, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду.

Бул маалыматка караганда, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,53%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,74%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,09% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

«Мекенчил» партиясы — 6,85%, «Республика» 5,81%, «Ата Мекен» 4,04%, «Ыйман Нуру»- 3,35%, «Бир Бол» — 3,03%, «Чоң Казат»- 2,33%, «Замандаш» -2,15%, «Социал-демократтар» -2,12%, «Реформа» 1,63%, «Мекен Ынтымагы» 0,63%, «Ордо» 0,22% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы» 0,17% добушка ээ болду.

Шайлоого келгендердин 1,8% баарына каршы добуш беришти.

4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоолор өттү.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты