​“Бир бол” партиясы шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт

“Бир бол” саясий партиясы бул шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов:

-Шайлоо алдында Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо таза өтөт, мен кепилдик берем, адилеттүүлүк биринчи приоритет болот, форма-2ни мен билем, чара көрөм деген. Тилекке каршы андай болгон жок.

Президенттин “Биримдик” партиясы добуштуэң көп уурдаган, сатып алган, административдик ресурсту колдонгон партиялардан болду. Экинчиси — анын өнөктөшү Матраимовдун партиясы экинчи орунду алды. Үчүнчүсү “Кыргызстан” партиясы, өткөн чакырылшта эң чимкирик, кошоматчы партия үчүнчү орунга келди. Жалпысынан 30-40-50 пайыз добуш уурдалды. 1 млн 900 киши добуш берсе, анын 1 млн 200үн коркутуп, административдик ресурс менен сатып алды.

Президент дагы, өкмөттүн башчысы дагы биринчи приоритет коррупция менен күрөшүү деп ар дайым айтып келет, бирок калп экени бүгүн көрүндү. Анткени коррупциянын өзөгү бул добуштарды сатып алуу. Бүгүн Кыргызстан коррупция менен кандай күрөшөрүн көрсөттү.

Мамлекеттик органдар, ар бир айыл өкмөттө, ар бир облуста эмне болгонун жалпы калайык-калк өз көзү менен көрдү. Тарыхта болуп көрбөгөн, ачыктан ачык, билгениңерди кылып алгыла, колуңардан эмне келет, биз баарын чечебиз, эл эчтеке чечпейт, эл мал деген мамилени бүгүн бийлик жасады.

Ошондуктан “Бир бол” партиясы бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз, бул шайлоо легитимсиз, элге каршы чыккан кыянат шайлоо. Бул – шайлоо эмес, добуштарды уурдап алуу жана бийликти менчиктештирип, узурпация кылды деп эсептейбиз.

Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо болду. Алдын ала жыйынтыак боюнча «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары алдыда келатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты