«Ата Мекен»: Бул — Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас шайлоо болду

“Ата Мекен” партиясынан талапкер болгон Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана Тилек Токтогазиев бул Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас шайлоо болгонун, шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришти.

Рыскелди Момбеков буларга токтолду:

-Бул — Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас шайлоо болду. Бир участокто бардык шайлоочунун бир партияга добуш берет дегенин мен тарыхта уккан эмесмин. 2007-жылдагы “Ак жол” партиясы учурундагы шайлоо да мындан ыймандуу, мындан мыйзамдуу болгон.

Шайлоо боло электе эле билинип калган, Форма-2 деген менен 500 миңден ашык шайлай турганы.

Элге да, оппозициялык партияларга да тандоо берген жок. Эмне деген гана мыйзам бузуулар жөнүндө айтылган жок. Бирок бирине да чара көрүлгөн жок.

Муну добуш салуу деп айтууга болбойт. Бул —добуш сатуу. Болуп жаткан мыйзам бузууларды карапайым калк, бүт Кыргызстан калкы көрдү, бирок бир гана бийлик көргөн жок. Элдин назарын сындырып салды.

Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорундагы шайлоолорду жокко чыгаруу боюнча далилдерди беребиз, ага кандай реакция болот.

Мен бүгүнкү шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайм, — деди Рыскелди Момбеков.

Жанар Акаев: Оппозициялык чоң блок түзүүгө даярданып жатабыз

«Ата Мекен» партиясынан шайлоого катышкан Жанар Акаев оппозициялык чоң блок түзүлөөрүн билдирди.

-Бул шайлоону күмөндүү шайлоо деп атайм. Ошол эле убакта “Ата Мекен” партиясы күрөшүн улантат.

Оппозициялык чоң блок түзүүгө даярданып жатабыз. Анткени мындай ыплас шайлоону биз тарыхта көргөн эмеспиз. “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Кыргызстан” туугандашкан, кландашкан, коррупциялык схемалардын авторлору келип, жүздөн ашуун мандатты бөлүп алат экен. Президент баш болуп, добуш сатуу болсо, жазасын беребиз деп айтып жатышты, массалык түрдө добуштарды сатып алып жатышты. Элде тандоо болгон жок, элди тандоо укугунан ажыратып койду. Бирок ошого да көз жумуп, бийликтин факт сурап олтурганы, демек, булардын таза шайлоо өткөрүү ниети жоктугунан кабар берет.

Тилек Токтогазиев: Үч баштуу ажыдаар пайда болду

«»Ата Мекен» партиясынан шайлоого катышкан Тилек Токтогаззиев үч баштуу ажыдаар пайда болгонун белгиледи.

-Көп кишилерде ар кандай: жашыл, күрөң, сары беткаптар болуп жатты. Ар бир үчүнчү киши башкача өңдүү маскачан кирип жүрдү.

Менде бүгүн көп кишилерди концлагерге ташыгандай эле көрдүм: башын жерге салып, алардын эркин сындырып, коркутуп-үркүтүп койгондой. Кара-Кулжада “Ата Мекенге” салган добуштарды айрып салып жатышты.

Түркмөнстанда да, Түндүк Кореяда да мындай кылбайт. Биз криминалдык, кландашкан бийликти пайда кылып жатабыз.

Менимче тарыхта болбогон үч баштуу ажыдаар пайда болду: Бул — “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” (партиялары).

Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо болду. Алдын ала жыйынтыак боюнча «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары алдыда келатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты