​“Социал-демократтар”: Бул шайлоонун легитимдүүлүгүнө шегибиз бар

  • 4 года мурун

“Социал-демократтар” саясий партиясы бул шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек санап, билдирүү таратты.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

— Саясий партиялар, биздин байкоочулар жана катардагы жарандар өлкөбүздүн мыйзамдары ыплас жана одоно бузулуп жатканына күбө болушту. Коомчулук жарандарды массалык түрдө жеткирүү фактыларын көрүп жатат, тагыраагы бүт өлкө боюнча миңдеген чакан автобустар бул махинацияны ишке ашырып, жарандардын добуштарын манипуляциялоодо. Бүт жерде биз жарандарды одоно жана ыплас түрдө сатып алууну байкап жатабыз.

Бийлик шайлоону адилеттүү жүргүзүүгө жана купуялуулугун камсыздоого жөндөмсүз. Добуш берүүнүн купуялуулугу сакталбай, шайлоо тилкелеринде жарандар өз бюллетендерин сүрөткө тартып, аны белгисиз адамдарга жөнөтүп жатышты. Эң жөнөкөй санитардык нормаларды көзөмөлдөө, беткап кийүү, социалдык аралыкты сактоо өңдүү эрежелер тууралуу үн катпай эле коёлу. Участкалык шайлоо комиссияларындагы ачык-айкындуулуктун жоктугу боюнча өтө көп сандагы фактылар, ЖМКлардын тилкелерге киргизилбей калгандыгы жана тилкелерде ыйгарым укугу жок адамдар жүрүштү.

Бүгүнкү шайлоо укук тартип түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууга жана мыйзам бузууларга каршы күрөшүүгө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Өлкөдө кандай башаламандык орун алып жатканын көрүп жатабыз жана бийлик бул башаламандыкка жол берип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тепсендиде калышын үн-сөзсүз колдоого алып жатат.

Биз бул шайлоонун легитимдүүлүгүнө чоң шегибиз бар. Биз биз бардык калк сыяктуу бүт өлкөдө орун алып жаткан мыйзамсыздыкты, одонолукту жана башаламандыкты көрдук, -деди “Социал-демократтар” партиясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты