Шайлоочулардын 14 пайызы Форма №2 менен катталган. Алардын жарымы Бишкек менен Чүйдө
- 4 года мурун
- Баяндар
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн катталган жалпы шайлоочулардын 14 пайызы Форма-2 системасы менен добуш берүү үчүн катталган шайлоочулар түзөт.
Бул 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу 4 пайызга көп.
2015-жылы катталган жалпы шайлоочулардын 10 пайызын Форма-2 менен катталгандар түзгөн.
Форма 2 арызы боюнча добуш бере тургандардын жарымынан көбү Бишкек менен Чүйдө
Форма-2 — бул шайлоочунун туруктуу жашаган жеринен, башка шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүү укугу жана жаран бир гана шайлоо дарегине каттала алат.
30-сентябрга карата алынган маалымат боюнча, жалпы шайлоочулардын саны 3 млн 523 миң 532ни түзгөн. Форма-2 арызы менен катталгандар 496 миң 239, тагыраагы шайлоочулардын 14 пайызына туура келет. Алардын жарымы, тагыраагы, 52 пайызы Бишкек менен Чүйдө.
“Форма-2 системасы — бул чоң көйгөй”
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Форма-2 системасы чоң көйгөй экендигин белгилеп, шайлоонун жыйынтыгы элдин ишенбестигине алып барышы мүмкүндүгүн айтат.
“Кээ бир шайлоо участкаларына Форма-2 менен бир күндө 80-90 адам катталса, башка күндөрү эч ким жок. Айрым участкаларда бир күндө 200-250гө жакын адам Форма-2 аркылуу каттоодон өтүшкөн. Участкалык шайлоо комиссиясы баарын жапырт Форма-2 менен тизмеге киргизбеш керек болчу. Мыйзам боюнча, ар бир Форма-2 менен арыз алгандан кийин жети күндүк мөөнөттө шайлоо участкасы ошол арызды канааттандыруу же канааттандырбоо боюнча чечим чыгарышы керек эле”, — дейт Абдрахматова.
22 жолу Форма-2 арызы менен кайрылган жарандар болду
Форма-2 менен катталгандардын 17 пайызы экиден көп жолу катталган.
Тагыраагы, 42 386 жаран — 2 же андан көп жолу,
- 32 504 жаран — 2 жолу,
- 5810 жаран — 3 жолу,
- 1967 жаран — 4 жолу,
- 872 жаран — 5 жолу,
- 3 жаран — 22 жолу кайрылган.
Демек, шайлоо участкалары “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”мыйзамына ылайык, Форма-2 менен шайлоого катышууну каалаган жарандардын арызын текшерүүгө милдеттүү.
Политолог Табылды Акеров Борбордук шайлоо комиссиясы Форма-2 көбөйүп баратканын көрүп, башында эле кандайдыр бир чара көрүп, атайын чечимдерди чыгарып койсо болмок деген пикирде.
“Бүгүнкү күндө саясий партиялар Форма-2ни көп пайдаланып жатышкандыгы маалым болууда. Бул — талапкерлердин жасалма рейтинг жасап, добуш алып, депутат болуп калайын деген эле аракети. БШК Форма-2 көбөйүп баратканын көргөндөн кийин, кандайдыр бир чара көрүш керек эле”, — дейт политолог.
«Бул дата материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт».