​COVID-19: 244 учуру катталды

  • 4 года мурун

4-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 244 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 26;
Ош — 25;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 62;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 79;
Баткен облусу — 33.

Бир сутка ичинде 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 3 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3318ге жетти. Алардын арасынан 3049 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 47 428ге жетти.

140 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 43 418 учурга жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты