100 пайыз жеңилдик менен Австрияда билим алып жаткан Мухаммеддин баяны

.

100 пайыз жеңилдик менен Австрияда билим алып жаткан Мухаммеддин баяны

«MA in Economic Policy in Global Markets» программасы Австрияга 100 пайыз жеңилдик менен бекер окууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул программа аркылуу Австриянын Вена шаарында билим алып жаткан Мухаммед Зайнидиновдун баяны.

«MA in Economic Policy in Global Markets» программасы аркылуу Вена шаарындагы Борбордук Европалык университеткее өтүү үчүн талаптар:

1. Англис тил билимин тастыктаган сертификат (TOEFL, IELTS ) болуусу шарт;

2. Ден соолугу окууга тоскоолдук жаратпашы керек;

3. Бакалврга тапшыруу үчүн 11-классты бүткөндүгүн тастыктоочу документ керек;

4. Бакалвр үчүн жеңилдиктер жок;

5. Жаш курагында чек жок;

6. Магистратурага тапшыруу үчүн бакалавр даражасына ээ болуш керек;

7. Мектептеги жана университеттеги жетишкендиктери жогору болуш керек (грамота, диплом, сертификат жана башка).

Мүмкүнчүлүктөрү:

1. Борбордук Европалык университте (Central European University) акысыз билим ала алышат;

2. Жатакана берилет. Мүмкүнчүлүктөн пайдалангысы келбеген студенттер өз алдынча ижарага батир алып чыга алышат (батирдин акчасы каржыланбайт жана тамак-аш берилбейт);

3. Студенттин ден соолугу камсыздандырууга алынат;

4. Айына төлөнүүчү стипендия:

5. Бакалавр үчүн 4 жылдын ичинде жалпы 5000 евро (463000 сом) төлөнөт;

6. Магистратурага айына 200 евро (18000 сом), 470 евро (43500 сомго) чейин төлөнөт;

7. Кошумча маалыматты https://www.ceu.edu/apply сайтынан ала аласыздар.

24 жаштагы Мухаммед Зайнидинов Австриянын Вена шаарында 100 пайыз жеңилдик алып, стипендиялак программасы менен Борбордук Европалык университте (Central European University) билим алып жаткан студент.

«Мен окучу университет төңкөрүштөн кийин жабылып калды»

— Австрия мамлекетинин Вена шаарында жайгашкан Борбордук Европалык университинин (Central European University) экономика жана бизнес факультетинде билим алам. Ал жакка тапшырып калуумдун себеби, бала кезимден эле чет өлкөдө окууну кыялданчумун. 2016-жылы Стамбул шаарындагы Фатих универстетине окууга өттүм. Бирок ошол жылы Түркиядагы төңкөрүштөн кийин ал университет жабылып калды.

«Чет өлкөдө окуу үчүн 3-курска чейин аракет кылдым»

— Мен 9-классты аяктагандан кийин Бишкектеги Юридикалык колледжди 3 жыл окуп бүтүрдүм. Андан кийин кайра университетке тапшыруу үчүн эл катары ЖРТга катышып, жогорку балл алдым. ЖРТнын жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы Ала-Тоо эл аралык университетинин дуйнөлүк экономика бөлүмүндө жеңилдетүү менен окууга өттүм. Университетте 1-курста окуп жургөнүмдө эле чет өлкөгө барып билим алуу кыялым эле. Жыл сайын университеттен ар кандай студенттик алмашуу программалары менен чет өлкөгө окууга тапшырып жүрдүм. Кээ биринен өтсөм, белгилүү себептер менен бара албай калам, а кээ бирлеринен өтпөй калып жаттым. Мисалы, 1-курсумда Стамбул шаарындагы Фатих университетине өтүп, бирок 2016-жылдагы Туркиядагы төңкөрүштөн кийин ал университет жабылып, барбай калгам. Ошентип бул аракетим 3-курсту аяктаганга чейин уланган.

«Магистратураны чет өлкөдө окууну максат кылдым»

— 4-курстан баштап чет өлкөгө магистратурага тапшырууну максат кылдым дагы, башка мамлекеттен окуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп баштадым. Башка мамлекеттеги бир нече окуу жайларга тапшырдым, бирок биринен өтсөм биринен өтпөй калып жаттым. Анан азыркы мен окуп жаткан университетке, өзүм окуган Ала-Тоо эл аралык университетинин ичинде «MA in Economic Policy in Global Markets» программасына тапшырып, өтүп кетип, ушуну тандадым.

«Экзаменди тапшыруу оңой болгон жок»

— Бул программаны уккан соң документтерди, андан кийин экзамен тапшырганга даярданып баштадым. Бир жарым айдан кийин экзамен башталды. Тапшыруу процесси англис тилинде өттү, мен үчүн англис тили оңой эле болду. Себеби мен мектепте да англис тилин жакшы окудум. Университеттеги сабактар англис тилинде өтөт, ошондуктан тилден кайналган деле жокмун. Экзаменди 3 саат тапшырдым. Компьютерден атайын программа көчүрүп, ошону менен тапшырдым. Экзамен тапшырып жатканда, компьютердеги программа адамдын баардык кыймыл аракетин байкап турат экен. Суроолор болсо мен учун кыйын болду. Экзамен тапшырып, бир жарым айдан кийин окууга өткөндүгүм тууралуу кат келди.

«Чет элдик студенттер үчүн бардык шарттар каралган»

— Азыркы учурда магистратуранын бүтүрүүчү курсунда окуйм. Жаңы келгенде кыйынчылыктар көп болду. Башка өлкө, системасы биздикинен бир топ айырмаланат. Таң калганым бул жакта, улгайган адамдардын баары эртең менен сөзсүз чуркашат экен. Университетте күчтүү мугалимдер окутушат. Кыргызстандагы университеттерде бир жылда эки экзамен болсо, бул жакта бир жылда үч экзамен тапшырабыз. Чет мамлекеттен келген студенттерге аябай жакшы кам көрүшөт. Пандемия башталганда чет элдик студенттерге аябай кам көрүштү.

. Университеттин ичинде бардык шарттар каралган. Мусулман студенттер үчүн университеттин ичинде намазкана дагы бар.

«Азыркы жаштарга алдыга максатты конкреттүү коюшса дейм»

— Мекенибизде көптөгөн жаштарыбыз өздөрүн өнүктүрө албай келишет. Мунун бирден-бир себеби убакытты пайдасыз нерселерге коротушат. Ошондуктан азыркы окуучуларга, студенттерге коомдук иштерге активдүү катышып тажрыйба топтоп, алдыга конкреттүү максат коюш керек. Конкреттүү деген кандай? Мисалы, Европага барышым керек деген максат болбойт. Европага эмне учун барам деп максат коюш керек. Андан кийин ал максатка жетүү жолдорун анык билип, ошол жол менен максатты көздөй барыш керек.

«Окуумду аяктаган соң Кыргызстандын экономикасын өнүктүрсөм деген ойлорум бар»

— Буюрса, окуумду ийгиликтүү аяктасам, 5-6 жыл Австриядан эле иштеп, тажрыйба топтойм. Кыргызстанга барып Улуттук банкта иштеп, өлкөнүн экономикасын көтөрөйүн деген оюм бар. Себеби экономиканын өсүшүнө Улуттук банктын салымы чоң.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты