​ИИМ: Бийликти басып алууга чакырды деген беш киши камакка алынды

  • 4 года мурун

Ички иштер министрлиги Бишкекте бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деген шек менен 26 адам кармалып, алардын бешөө камакка алынганын 1-октябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, «30-сентябрда коомдук тартипти туруксуздаштырууну көздөп, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео Интернет булактарында тараган. Факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнин тергөө кызматы кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүндө («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козгоо») көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү баштаган».

Улуттук академиянын адистери соттук-саясий экспертиза жүргүзүп, видеодо сүйлөгөн адамдын сөзүндө аймак аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык белгиси бар деген жыйынтык чыгарышкан.

Милиция билдиргендей, сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 30-сентябрда «Кырк Уруу Жети Дубан» кыймылынын 26 мүчөсү кармалган. Алар наркологиялык текшерүүдөн өтүп, 20сы баңгизат колдонгону аныкталган. Бешөө шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМ алардын аты-жөнү Шамил Муканбаев, Амангелди Артыков, Акылбек Олжембаев, Рыскелди Бериков жана Кубанычбек Жумаканов экенин, төртөө мурда соттолгонун кабарлады.

30-сентябрда социалдык түйүндөрдө бир бөлмөдө отурган 20 чакты эркек саясат темасын талкуулап жатканы, алардын бири «1500 айылдан балдарды чыгаралы, бул шайлоону өткөрүп жиберсек, анда биз утулдук» деп айтып жатканы жазылган видео тараган.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Кылмышка шектүү катары кармалгандар жана алардын жактоочулары азырынча окуя тууралуу комментарий бере элек.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты