​COVID-19: 172 учуру аныкталды

  • 4 года мурун

1-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 172 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 18;
Ош — 11;
Чүй облусу – 11;
Ош облусу — 21;
Талас облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 10;

Жалал-Абад облусу – 23;
Баткен облусу — 77.

Бир сутка ичинде 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 2 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3266га жетти. Алардын арасынан 3021 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 46 841ге жетти.

104 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 42 983 учурга жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 1 киши каза тапты. Каза тапкандрдын жалпы саны 1065ке жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты