​Президент Кылмыш кодекси жана Кылмыш жаза кодексин өзгөртүүнү артка кайтарды. Кайсы партиялар Президентке каршы же тилектеш болду?

  • 4 года мурун

2020-жылдын 6-сентябрында Президент Сооронбай Жээнбеков “Кылмыш-жаза мыйзамдарына айрым актыларды киргизүү жана өзгөртүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке кайрадан иштеп чыгууга артка кайтарып берди.

Анткени, Кылмыш-жаза кодексинин 442-беренесинин айрым жерлери бул мыйзам долбоорун чуулгандуу кылып койду. Бул берененин 3-пунктунун 4-бөлүмүндө “эл аралык органдар тарабынан түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, адам укуктары жана эркиндиктеринин бузулушу Кыргыз Республикасынын сотунда каралып жаткан учурда“жаңы жагдай” катары квалификацияланаары айтылган.

“Жаңы жагдай” өз кезегинде соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти кайрадан кароого жол ачууга мүмкүнчүлүк түзөт. Өлкөнүн Президенти мыйзам долбоорундагы КЖКнын 442-беренесин алып салууну сунуштоо менен каршы болгон. Президент каршы болуу себебин “жогоруда өзгөртүүлөрдү кабыл алууда ар бир адамдын укугунун жана эркиндигинин бузулуусунда бардык ыкмалар менен, мыйзамда тыюу салынбаган жолдор аркылуу коргоодо конституциялык укугун чектөөгө алып келиши ыктымал”,-деп түшүндүргөн.

Мыйзам долбоорун КР Өкмөтү Ички иштер министрлиги аркылуу демилгелеп жана коргоп чыккан. Парламенттеги талаш-тартыштар башкаруучу коалиция менен оппозициялык фракциянын ортосунда болот.

Бул жолу кайсыл партиялар Президент менен пикирлеш болду жана мыйзам долбоорду колдоо менен кайсыл партиялар Президенттин пикирине каршы турду? Төмөндөгү графикада ой-пикирлердин карама-каршы келүүсү же дал келүүсү көрсөтүлгөн.

Үчүнчү окуудан мыйзам долбоорун 88 депутат бир добуштан колдоп беришкен. Мындайча айтканда, бул маселеде бир дагы депутат Президент менен пикирлеш болбой калды дегенди түшүндүрөт.

Бирок, белгилеп кетүүчү жагдай экинчи окууда 12 депутат каршы добушун беришкен. Таң калычтуусу бул документти кабыл алууда “Ата Мекен” партиясы Президент менен тилектеш болуп чыккан. “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары, тескерисинче, бир добуштан толугу менен бул мыйзамды колдоп кетишкен.

Макала Кыргыз Республикасындагы БУУӨП жүзөгө ашырып жаткан Швейцария өкмөтүнүн каржылоосундагы “Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун колдоосунда даярдалган.

Макала Parlament.kg порталынын материалынын негизинде даярдалды. Макалада келтирилген пикирлер Швейцария Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын, анын программа/долбоорлорунун, же өкмөттөрдүн көз карашын милдеттүү түрдө билдирбейт. Колдонулуучу белгилер тигил, же бул өлкөнүн, аймактын, же райондун, же алардын чек арасынын укуктук макамына тийиштүү кандайдыр бир пикирди билдиргендик катары кабылданбайт жана көрсөтүлгөн уюмдардын расмий көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты