Коронавирус 147 кишиден аныкталды

  • 4 года мурун

30-сентябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 147 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 19;
Ош — 13;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу — 34;
Талас облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 41;
Баткен облусу — 17.

Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 6 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3255ке жетти. Алардын арасынан 3008 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 46 669га жетти.

118 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 42 879га жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты