Равшан Жээнбеков Марат Аманкуловдун айткандары боюнча билдирүү таратты

  • 4 года мурун

Камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун айткандары боюнча билдирүү таратты.

Анда мындай деп айтылат:

-Кыргызстандын 30 жылдык эгемендигинин тажрыйбасы республиканын жетекчилиги мамлекеттин көз карандысыздыгы менен эгемендигинин принциптерин толук кандуу коргой албаганын көрсөттү.

“Биримдиктин” лидери Марат Аманкуловдун “Кыргызстан көз карандысыздыкка берилип кетти, эми үйгө кайтаар мезгил келди” деген билдирүүсү жагалдануу менен коркунучтуу принципсиздикке чылгый сугарылган. Анын ой жүгүртүүсүнүн деңгээли абдан таң калтырат.

Эмне үчүн өлкө жетекчилиги примитивдүү тышкы саясат жүргүзүп жатканы жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгын коргоодо жөндөмсүздүгүн көрсөтүп жатканы түшүнүктүү болууда. Бул тышкы саясат жана чек ара көйгөйлөрүнөн да, ЕАЭБдин алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыктан да көрүнүп турат, -деди Равщан Жээнбеков билдирүүсүндө.

Марат Аманкуловдун «30 жыл эгемендүү болдук, эми ойлонуп кайтышыбыз керек. Евразия өлкөлөрү интеграцияланышып, биригишибиз керек» деген билдирүүсү элдин нааразычылыгын жаратты.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

Сүрөт: «Кул болбо!» нааразылык акциясынан. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты