Коронавирус 104 кишиден аныкталды

  • 3 года мурун

28-сентябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 104 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 19;
Ош — 8;
Чүй облусу – 6;
Ош облусу — 18;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу — 37.

Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 3 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3241ге жетти. Алардын арасынан 2976 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 46 355ке жетти.

166 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 42 629га жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 1 киши каза болду. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1064 кө жетти. (Такталып чыккан расмий маалымат боюнча).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты