Жээнбеков Россия Федерациясына иш сапар менен кетти

Жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына иш сапар менен кетти.

Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.

Делегация курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Россиядагы лчи Аликбек Жекшенкулов бар.

Россияга иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Президент Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.