​Карабакта жаңжалдашкан тараптар жай тургундар каза тапканын кабарлашууда

  • 4 года мурун

Азербайжан жана Тоолуу Карабак аймагынын өкүлдөрү 27-сентябрдагы ок атышуулардан жай тургундар каза тапканын кабарлашты.

Азербайжан башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, Нафталан районунда армян аскерлеринин огунан бир үй-бүлөдөн беш киши каза тапканы айтылат. Ага чейин азербайжан айылдарында 19 адам жарадар болгону кабарланган.

Тоолуу Карабак аймагынын өкүлдөрү атышуулардын кесепетинен эки жай тургун каза болуп, 30дан ашууну жаракат алганын билдиришти.

Армян бийлиги 50дөн ашуун калктуу конуш, анын ичинде Степанакерт шаары азербайжан дрондорунун жана артиллериясынын чабуулуна кабылганын жарыялады.

Армения аймакта 16 аскери каза болуп, 100дөн ашууну жарадар болгонун кабарлады.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 27-сентябрда Армения менен чек арасындагы соңку кырдаалдан улам Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултту. Анда коргоо министри Закир Гасанов Тоолуу Карабакта Физули-Жабраил багытындагы жети айыл «бошотулганы» тууралуу маалымат берди. Алиев «азери элин, азери армиясын алгачкы жеңиши менен куттуктады» деп жазылат президенттин расмий сайтында.

Мунун алдында Ереван азери аскерлери Тоолуу Карабакка чабуул койгонун айткан. Армян өкмөт башчысы Никол Пашинян өлкөдө аскердик абал жарыялап, резервдеги кызматкерлерди чукул арада мобилизациялоону тапшырган.

Баку Арменияны азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок жаадырды деп айыптаган.

1990-жылдардын башында армяндар басымдуулук кылган Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагын Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алышкан. Алты жылга созулган кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн киши үй жайын таштай качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулук ортомчулук кылган дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты