Орусияда көпүрө кулап, 51 кыргызстандык жаракат алды

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, 27-сентябрда Россиянын Москва облусунун Ступин районунда «FM LOGISTIC» ишканасынын көпүрөсү кулап, 51 кыргызстандык жаракат алган. Анын төртөөнүн абалы оор. Каза болгондор жок.

Элчиликтин кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин «FM LOGISTIC» ишканасы жабыркагандарга компенсация төлөп бере турган болгону маалыдалды.

Жабыркагандар Москва облусунун Красногорск, Солнечногорск жана Ступино, Чехов, Серпухов, Подольск, Коломна, Домодедово райондорунун ооруканаларына жеткирилди.

Маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун жеке көзөмөлүндө турганын элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Сүрөт: Кыргызстандык Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты