​Шайлоо-2020: №2 форма боюнча катталууну жокко чыгаруу керекпи же жокпу? (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө “№2 форма боюнча парламенттик шайлоого катталууну жокко чыгаруу керекпи же жокпу?” деген маселенин тегерегинде политолог Табылды Акеровду сөзгө тарттык.

«Бул- мыйзамды одоно колдонуу, талапкерлердин жасалма рейтинг жасап жатканы»

-Парламенттик шайлоо жакындап калды. Бул күндөрү шайлоочулардын №2 форма боюнча катталуусу боюнча көйгөй жаралууда. Сиздин оюңузча маселени кандай чечиш керек?

-Эң негизгиси бул Кыргызстанда мыйзамдардын дагы эле чийки экендигин көрсөтүп жатат. Форма-2, албетте, болушу керек. Себеп дегенде ар түрдүү кырдаал болот. Бирөө куда тосуп, же кудага, айылына, командировкага барып калат. Ошондо шайлоочу шайлоого катышкысы келсе, участкасынан “открепительный талон” (бошотуу талону-А.Б.) алып, башка, өзү барган жерге катталып, добушун берсе болот. Ушундай жагдайлардан улам мыйзам кабыл алынып, норма киргизилген.

Бүгүнкү күндө саясий партиялар “форма-2” ни көп пайдаланып жатышкандыгы маалым болууда. Бул — биринчи кезекте шайлоого катышып жаткан талапкерлердин туура эмес аракети. Тууган, жек-жаат, жакындарын, тааныштарын өзүнүн участкасынан добуш бердиртип, депутат болуп калайын деп жатат. Бул жерде саясий партиянын рейтинги же талапкердин рейтинги жөнүндө сөз жок.

Бул-талапкерлердин жасалма рейтинг жасап, добуш алып, депутат болуп калайын деген эле аракети.

Дүйнө жүзүндөгү шайлоолордо партиянын, лидеринин рейтинги биринчи кезекте эсептелет.

Мыйзамда ошондой норма киргизилип калган, шайлоочу каалаган жеринен добуш берсе болот деп. Мына ошону одоно колдонуу т десем болот.

«Партиялар рейтинги менен жеңиши керек»

—Азыр №2 форма боюнча катталууну жокко чыгаруу тууралуу сөз жүрүп жатат. Бул жагы кандай болот?

— Мыйзамды бузуп жиберүү да кыйын. Шайлоочулар “открепительный талонду” алып башка участокко отуруп калышты. Аларды кайтарыш да болбойт. Себеп дегенде шайлоо бюллетендери участокко бөлүнүп таркатылат.

Эгерде “кайра өз ордуңарга баргыла, мындай болбойт экен” дей турган болсо, анда шайлоо кампаниясы үзгүлтүккө учурап, өтпөй калышы да мүмкүн.

Тигилерди кайра өз участокторуна кетириш көп проблема жаратат. Интернет, компьютерге салыш керек деген машакаты көп болот. Шайлоо процессин токтотуп алуу туура эмес.

Ошондуктан өтө этияттык менен аракет кылыш керек, мыйзамдарды оңдош керек, жаңы нормаларды киргизиш керек же болбосо саясий партияларга ушундай көп негизде “форма—2ни” пайдаланууну чектөө керек. Форма-2 нормасын пайдаланбагандай кылып жана башка ушул сыяктуу жаңы жолдорун ойлоп табыш керек.

Партиялар рейтинг аркылуу утуп алууга өтүш керек. Ошондой бизде шайлоолордо мындай конфликттүү ситуация болбойт деп ойлойм.

-Партиялар өздөрүнүн рейтинги менен алдыга чыгыш керек деп айтып кетпедиңизби. Партиялардын программаларынын арасында жогору рейтингдегилери бар бекен?

-Шайлоо кыйын абалда өтүп жатат, пандемия болуп, партиялар дайындала албай калышты, программаларын да мыкты жаза алышкан жок. Көпчүлүк программаларда СССРдик менталитеттеги адамдар, экономисттер жазып койгон баягы эле ураандар болуп калган.

Бир дагы партиянын программасында жаңы нукта жазылган нерселер байкалбайт.

“Бир болдун” талапкери программасын мыкты презентация кылды. “Биримдикте” идеологияга басым жасалууда, бирок ал дагы сынга кабылды. Либералдык идеологияны “Мекеним Кыргызстанда” айтып жатат. Бирок алар дагы убадаларында заманбап ооруканаларды курабыз деп жатат. Бирок ал ооруканалар бекер болбой турганы билинип турат. Мамлекет аны каржылай албайт. Өздөрү да бизнесмен болгондон кийин, коммерциялык негизде программа сунуштап жатканы байкалууда. Коомго, элге жакын эмес болуп калган.

Бирок булар идеологиялык негизде программа жазып жатканы жакшы. Биз баары бир ошондой идеологиялык партияларга өтүшүбүз керек. Азыркыдай кокту-колоттун же региондун, уруунун идеологиясын көтөрүп чыккандын кереги жок.

Партиялар шайлоого жакшы дайындана албай калып, тизмелери да элди канаттандырган деңгээлге жетпей, форма-2 ге өтүп жатат

Борбордук шайлоо комиссиясы форма-2 көбөйүп баратканын көрүп, башында эле кандайдыр бир чараларды көрүп, чечимдерди чыгарып койсо болмок.

Президент өзүнүн позициясын айткан, акимдерди, облус жетекчилерин чогултуп, чакан топ менен Коопсуздук кеңешинде “партиялар “форма-2 ни” көп колдонгонго аракет жасап жатат, силер болсо эчтеке кылбай отурасыңар” деп, катуу сын айткан. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аракет көрө алган жок, көрсө дагы жетишсиз болуп калды.

“Баарына каршы” добуш берүүдөн ким утат?

-Шайлоого аттанган партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына , Улуттук коопсуздук комитетине кайрылышты. Мындан кандай жыйынтык чыгышы мүмкүн?

-Кандай жыйынтык чыгарын билбейм, Бирок аларга балким “форма-2ни”алдын-ала, шайлоого чейин бир жума мурун же сапарга бараар алдында добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө деле мүмкүн. Батыш өлкөлөрүндө, өзгөчө Чыгыш Европадагы өлкөлөрдө шайлоо процесси үч күн жүрөт. Биз деле ошого көнүшүбүз керек.

“Баарына каршы добуш берүү” маселеси чыгып жатат. Анын натыйжасы кандай болуп калат?

Баарына каршы добуш берүүдөн коркпош керек менимче

Азыр биз партиялардын баарын сындап жатпайбызбы, тизмеси, программасы начар, криминалдарды кошуп алган деп. Бул саясий партияларга, лидерлерге чоң сабак болот. Миңдеген шайлоочуларды тарта албай калдык деп, кийинки шайлоолордо партиялар тизмесин мыкты түзгөнгө, программаларын мыкты жазганга , мыкты презентация кылганга аракеттенет.

Мындайча айтканда коом талап кылып жаткан талаптарга жакын саясат жүргүзүп калышат. Бирок дүйнөлүк тажрыйбада баарына каршы болгондор эч убакта утуп алган эмес.

— 1-2 партиянын программасын айтып кеттиңиз. Шайлоого аттанып жаткан 16 партиянын ичинен программаларынын көзгө толумдуусу кайсылар экен?

—“Республиканын” жакшы жактары бар, бизнести өнүктүрүү, кредит берүү боюнча. Бирок “саясий системаны өзгөртөбүз, коопсуздук кызматын жок кылабыз, Конституцияны өзгөртөбүз” деп, коомго күтүлбөгөн чоң сунуштар келтирилип жатат. Анын аркасында эмне болуп кетет, мамлекет үзгүлтүккө учурап калабы, мына ошондо маселе.

“Реформа” партиясынына да бир топ позициялары бар, башка партияларга караганда люстрация баарына болушу керек деп. Башка партиялар деле кайсы бир деңгээлде люстрацияны айтып жатат, бирок бардыгына бирдей болушу керек.

“Ыйман нуру” менен “Чоң казат” саясий партияларынын программасында жаңылык деле жок, үч эле позицияны айтып жатышат.

-Партиялар мурдагы убадаларын аткарбай туруп, жаңысын берип жатышпайбы. Бул да алардын рейтингине тескери таасир берет да.

—Бирок бир да партия бул тууралуу айтып чыкканын уккан жокмун. Шайлоонун башында эстеп жатышкан, жаңы маалымат чыгып. унутта калды. Балким бул партиялардын рейтингине аз-маз таасирин тийгизиши мүмкүн. Андан дагы VI чакырылыштагы парламенттин деңгээлинин өтө төмөндүгү терс таасирин тийгизүүдө. Фейсбукта, башка соцтармакты ачсаңыз деле катуу сындап жатышат. Программага караганда ошол жагынан көп залал алып жатышат.

Кээ бир партиялар,мисалы “Республика”, “Алдыга жол” деп, мурдагы программасын жаңылап, башкаларын да аткарып беребиз деп, аткарылбай калган позицияларын жаап коюуда.

-Административдик ресурс колдонулуп жатат деп айтылууда. Буга чейинки айрым көрүнүштөр да татыктуу жазаланбай калды деп коомчулукта айтылууда.

-Административдик ресурс Кыргызстанда Акаевдин учурунан бери эле колдонулуп келген. Бакиевдин учурунда административдик ресурс катуу колдонулуп, бир күндө “Ак жол” партиясын каттоодон өткөрүп, 71 мандат алышкан.

Бирок эки революция өткөндөн бери административдик ресурс азыраак колдонулду. Атамбаевдин учурунда административдик ресурс аз колдонулгандыктан, СДПК көпчүлүк добушун ала алган жок, бирок клон партиялардын негизинде көпчүлүк добушка ээ болду.

Ал эми БШКнын жанагындай чечим кабыл алып жатканы анын мүчөлөрүнөн. Борбордук шайлоо комиссиясы дагы, алардын мүчөлөрү дагы, кийин мындай мүчүлүштүк кетирбей калат деп ойлойм, себеп дегенде жаңы муун келе жатат. Талапкерлердин көпчүлүгү — жаңы жүздөр. Акырындык менен талапкерлер шайлоочуларды сыйлаган ,шайлоочулары талапкерин сыйлаган коомго жетебиз.

-Алдыдагы парламенттик шайлоо таза өтпөйт деген маанай өкүм сүрүүдө. Шайлоонун таза өтөөрүнө ишене алабызбы?

Шайлоо таза өтпөйт деген маанай басымдуу. Ошондуктан коомдун бир бөлүгү баарына каршы болобуз деген бүтүмгө келип алышкан. Бул саясий партиялардын кемчилигинен келип чыкты.

Эгерде алар тизмени коом каалагандай же ошого жакын түзгөндө, программаларын мыкты кылганда, мындай маанай жаралбайт болчу.

-Кемчиликтер кетет, кайсы бир деңгээлде мыйзам бузуулар болушу мүмкүн. Түштүктө үгүт иштерин жүргүзгөндөр ортосунда чыр чыгып, чатакташып кетти, кечээ жакында эки талапкер дебаттан чыгып, мушташып кете жаздады, ошондойлор болот. Бирок жалпылап келгенде шайлоо тынч өтөт го деп турам.

Айгүл Бакеева/ПолитКлиника

Сүрөттөр жана видео: “ПолитКлиника” медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты