Коронавирус 175 кишиден аныкталды (Видеографика)

25-сентябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 175 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 18;
Ош – 22;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу — 50;
Талас облусу — 7;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 22;
Баткен облусу — 41.

Бир сутка ичинде 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 5 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3227ге жетти. Алардын арасынан 2918 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 45 932ге жетти.

142 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 42 147ге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Адистер вирус жуктуруп алгандар күн сайын көбөйүп жаткандыгын белгилеп келишет. Биз, сентябрь айында коронавирус менен ооругандар боюнча статистиканы салыштырып, күн сайын коронавирус жугузуп алгандардын саны көбөйүп жаткандыгына күбө болдук. (Видеографика).

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты