Үгүт эрежелерин бузган партиялар

Шайлоого 10 күн калганына карабастан партиялар үгүт иштерин кызуу жүргүзүп жатышат. Алардын арасында эрежелерди бузгандар да жок эмес. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары билдирүүдө. Маалыматты ПолитКлиника медиасы текшерип көрдү.













Тоо этегиндеги жазуулар

БШКнын 26-июнунда кабыл алынган токтомунун 4-бөлүгүнө ылайык, үгүт материалдарын тоолордун жана жылгалардын беттерине, бак-дарактарга жана башка жаратылыш бөксөлөрүнө жайгаштырууга болбойт.

Бирок, ошого карабастан айрым партиялардын атын камтыган жазуулар тоо этектеринде пайда болгон.

Алардын ичинде “Мекеним Кыргызстан”, “Бир Бол”, “Чоң Казат” жана “Биримдик” партиялары бар.

Сүрөттө “Мекеним Кыргызстан” деген жазуу жана партиянын логосу көрсөтүлгөн.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын баннери бак-дарактарда илинип турган жери.

“Чоң Казат” партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев Фейсбуктагы жеке баракчасына төмөнкү постту жарыялаган:

Анда “Чоң Казаттын” лидери Тоң районунун тургундары узундугу 65 метр, туурасы 15 метрге жеткен тоонун бетине жарнамалык жазууну жасагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, постту бөлүшүп коюууну өтүнгөн.

Ошондой эле жазууну, бирок “Бир Бол” партиясынын аты жазылганын төмөнкү сүрөттөн көрсөк болот:

“Бак-дарактарды үгүт иштеринде колдонууга болбойт”

Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу Жоодар Шүкүралиев жеке баракчасына “Биримдик” партиясынын үгүт материалдарынын бак-дарактарда жана электр тутамдарында илинип турганына нааразы болуп, 2 видео чыгарган. Биринчи видеодо бак-дарактарга агитациялык плакаттар илинип турса, экинчи видеодо электр чубалгысына илинген баннерди көрсөк болот.

Кечээ саат он бирлер чамасында белгисиз адамдар келип ушул плакатты илип кетишкен. Азыр шамалда ал плакат зымга тийип, замыкание болуп жатат. Сураныч, ким илсе да плакатты алып коюңуз”, — дейт видео артындагы үн.

Ошондой эле видеодо баннердин айынан электр чубалгасынын астынан өтө албай турган унааларды көрүүгө болот.

Ошондой эле Актилек Гүлжигит кызы аттуу колдонуучу дагы өзүнүн Фейсбук баракчасына “Тоо бетине жазууга тыюу салынбады беле? Же, булар билбейби аны?

Айрыкча үгүт иштеринде эреже сакташ керек да! Ойду-тоону эле сүйлөп жүрөт ушу партиянын лидери Лидерлик сапаты да жоктой”, — деп Сыймык Жапыкеевди сындап жазган.





























БШК партияларга эскертүү берди

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова мыйзам бузган партияларга эскертүүлөр берилип жатканын, үч эскертүү болгондон кийин ал партия шайлоодон четтетиле турганын айтты.

“Өткөндө “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тоо этегине пайда болгон жазуусуна эскертүү бергенбиз. Партиядан “ал жазууну биз жазган эмеспиз” деп жооп берип, биздин эскертүүбүздөн кийин тоо этегин тазалашкан. “Чоң Казат” партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев Фейсбук баракчасында пост чыгарыптыр. Мен ага Фейсбуктан жазып койдум, азырынча жооп келе элек. Азыркы учурда бул партияда мурунку иш-аракеттерине байланыштуу бир эскертүүсү бар”,- дейт БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты