​Борбор Азия өлкөлөрү COVID-19 үчүн канча акча алышты?

Баяндар

Борбор Азия өлкөлөрү COVID-19 жана анын кесепеттери менен күрөшүү үчүн чет өлкөлүк уюмдардан кандай акчалай-кредиттик жардам алышкан?

Бул макаланын оргиниалы CABAR.asia аналитикалык порталында жайгаштырылган.

COVID-19 пандемиясы жүрүп жаткан маалда экономикалык көрсөткүчтөр түшөт, глобалдык өнүктүрүү банктары жана башка чет өлкөлүк уюмдар тарабынан көмөктөшүүчү кредиттик-финансылык чаралары пандемияга жана анын кесепеттерине каршы турууда мамлекеттик институттардын жашоого жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатканга жардам берет.

Бул макалада эл аралык уюмдар тарабынан жеңилдетилген насыя берүү, гранттар, инвестициялар жана аталган өлкөлөрдүн пайдасына түшүүчү башка финансылык кирешелердин акча түрүндөгү гана финансылык жардамдар каралган.

Ачык маалыматтарга таянуу менен (балким жарым-жартылай – ред. кошумчалоосу) пандемиянын кесепетин жеңүү үчүн Казакстанга жана Өзбекстанга Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Инфраструктуралык инвестиция боюнча Азиянын банкы (ИИАБ) финансылоо сунуштаган ири карыз берүүчү болду. Кыргызстанга жана Тажикстанга эң ири заёмду Эл аралык валюта фонду сунуштады.


Борбор Азияда COVID-19 оорусу менен күрөшүүдө чет өлкөлүк уюмдардын акчалай-кредит жардамы



КАЗА
КСТАН

АӨБ жана ИИАБ Казакстандын өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо, эмгек менен камсыздоо жана жалпысынан экономиканы колдоодо аракетине жардам берүү үчүн биргелешип $1 млрд бөлүшкөн.

Буга кошумча кылып, 28-августта АӨБ $3 млн. көлөмүндөгү грант бекитти. Бул грант Япониянын өкмөтү тарабынан каржыланат жана COVID-19 менен күрөшүү үчүн керектүү дарыларды жана зарыл болгон медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн каралган.

Экинчи $500 млн. көлөмүндөгү ири заём Дүйнөлүк банк тарабынан мал чарбачылык секторуна, тактап айтканда жогорку технологиялык, экспортко багытталган уй этин өндүрүүгө берилген. Ошентип, бул программа кошумча иш орундарын ачканга, кымбат баалуу уй этин экспорттоонун эсебинен айыл жергесиндеги жашоонун деңгээлин жогорулатууга, коронакризис маалында өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө дем берүү максаты коюлган.

Европа Союзу Казакстандын коомдук саламаттыкты сактоо тармагында колдоо көрсөтүүсү үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) $3,5 млн. бөлгөн.

Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам берүүдө эки америкалык уюм – АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу Борборлору (CDC/CAR) жигердүү катышууда. Мисалга, USAID ири масштабдагы изилдөөлөргө лабораториялык системаларды даярдого жана коомчулукту COVID-19 оорусунан коргонуу чаралары жөнүндө маалымдоо үчүн $800 миң бөлгөн. Бул уюм бардык беш өлкөгө жардам берген жана апрелдин башында региондогу өлкөлөрдүн медперсоналдары үчүн жеке коргонуучу каражаттары бар гуманитардык жүк салып жиберген.

CDC/CAR COVID-19 оорусун тестирлөө үчүн лабораториялык керек-жарактар менен жабдууларды сатып алуу жана медкызматкерлер үчүн тренингдерди уюштуруу үчүн $1,6 млн. бөлгөн.

Кызыгы, Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Казакстанга жардам берген жок, себеби Казакстандын өкмөтү бул уюмга пандемия маалында жеңилдетилген финансылоо өтүнүчү менен кайрылган эмес.

КАЗАКСТАН



ӨЗБЕКСТАН

Өзбекстан 2020-жылы АӨБ жана ИИАБ тарабынан төрт жолу жалпы саны $701.5 млндон ашык каражат бөлгөн жалгыз өлкө болду.

АӨБ тарабынан $200 миңди чапчыган биринчи грант март айында ыйгарылса, экинчи грант май айында $1,36 милллионду түзгөн. Эки грант тең медициналык жабдууларды жана медперсоналдар үчүн коргоочу материалдарды сатып алуу үчүн берилген.

АӨБнин $100 млн. өлчөмүндөгү кредити Өзбекстандагы бардык 38 лабораторияны модернизациялоого, COVID-19 оорусун дарылоочу 16 борбордун сыйымдуулугун кеңейтүүгө, тез жардам унааларын жана медициналык жабдууларды сатып алууга жана медперсоналдарды окутууга каралган. Ага кошумча болуп, май айынын башында АӨБдин иштеп жаткан долбоорлорунун кредиттеринен үнөмдөлгөн $19,5 млн 800 өпкөнү жасалма вентиляциялоо аппараттарын сатып алуу үчүн кайра бөлүштүрүлгөн. Ал эми Өзбекстандын өкмөтүнүн кризиске каршы чара көрүүлөрүн каржылоо үчүн АӨБ $500 млн. суммасындагы каражат бөлгөн.

ИИАБ пандемия менен күрөшүү жана саламаттыкты жакшыртуу үчүн өлкөгө $100 миллион ссуда бөлгөн.

Эл аралык валюта фонду ыкчам кредит берүү механизминин жана финансылоонун ыкчам инструментинин алкагында Өзбекстандын мамлекетинин бюджетин шашылыш финансылоого керектөөнү канааттандыруу үчүн $375 млн. көлөмүндөгү кредит бөлүүнү жактырган.

Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) өлкөдөгү соода-сатык жана жеткирүү чынжырын калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү экспортелорду жана инпортерлорду колдоо максатында Өзбекстандын үч банкына $150 млн бөлгөн.

Дүйнөлүк банк саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоону колдоо үчүн беш жыл аралыгында төлөө жеңилдиги бар $95 млн көлөмдөгү кредит берүүгө макул болгон.

Европа Инвестициялык банкы (ЕИБ) Өзбекстандын саламаттык сактоосуна инвестицияны колдоо үчүн $59,2 млн көлөмүндөгү заём берген, бул долбоор 4 жылга эсептелген.

USAID $850 миң бөлгөн, анын ичинен $400 миңи лабораториялык системаларды сатып алууга жана $388 миңи коомчулукка COVID-19 жөнүндө маалыматты жайылтууга каралган.

Майдын аяганда USAID лабораториялык жабдууларды жана керектелүүчү материалдарды сатып алууга кошумча $3 млн. бөлгөн.

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу Борборлору (CDC) лабораториялык материалдарды жана COVID-19 тестирлөө үчүн жабдууларды сатып алуу, медперсоналдарды үйрөтүү жана COVID-19 менен ооруган пациенттерди дарылоо боюнча колдонмолорду жайылтуу үчүн $2,07 млн. бөлүшкөн.

Жыйынтыгында Өзбекстан пандемияны жана анын кесепеттерин жеңүү үчүн чет элдик уюмдардан $1 386 692 000 алган.

ӨЗБЕКСТАН

КЫРГЫЗСТАН

Пандемия башталган 26-марттан бери ДВФ Кыргызстанга $120 млн. көлөмүндөгү кредит бөлүп берген (бул коронавирус менен күрөшүү максатындагы эң биринчи кредит). Бул сумма бюджеттик дефицитти каржылоону, анын ичинде саламаттыкты сактоону жана пандемия алып келген экономикалык шокту жумшартууну жеңилдетүү үчүн берилген.

АӨБ $50 млн. бөлгөн, анын ичинен $25 млн жеңилдетилген грант формасында жана $25 млн саламаттыкты сактоо; муктаждарга социалдык камсыздоо; өнөр жай тармагындагы чакан жана орто бизнести; Кыргызстан калкынын 70%ы иштеген кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо жана жалпысынан өлкөнүн экономикасын стимулдоо үчүн бөлүнгөн.

Ошондой эле АӨБ апрелде ЮНИСЕФ аркылуу медикаменттерди жана медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн жалпысынан $200 көлөмүндөгү каражат бөлгөн.

Европа Союзу июль айында COVID-19 оорусу менен күрөшкөн медперсоналга, билим берүү тармагындагы кызматкерлерге, июль айындагы жөлөкпул жана пенсияны, ошондой эле медикаменттерди, жеке коргоочу каражаттарды жана тамак-аш сатып алуу үчүн $29 млн көлөмүндөгү грант бөлгөн.

Дүйнөлүк банк медициналык жабдуу жана жеке сактануу каражаттарын, толугу менен жабдылган 20 тез жардам машинелерин сатып алуу үчүн $12 млн көлөмдөгү ссуда бөлгөн. Буга кошумча кылып ушул долбоордон $9 млн өзгөчө кырдаалдарга аракеттенүү фонду үчүн бөлгөн.

USAID Кыргызстандагы контакт болгондорго жана оору жугуздургандарга байкоо жүргүзүү үчүн $ 913 миңди үч уюмга: «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму», «Abt Associates», «Эл аралык Кызыл чырым жана кызыл жарым ай коомунун федерациясы» бөлүп берген. Ошондой эле бул каражаттар массалык түрдө тестирлөөгө лабораторияларды даярдоого жана коомчулукту COVID-19 жөнүндө маалымдоого пайдаланылат. Белгилей кетчү нерсе, USAID март айынын башында башка өлкөлөр менен катар Борбор Азия өлкөлөрүнө да медперсонал үчүн жеке коргоо каражаттары бар гуманитардык жүк жөнөткөн.

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу Борборлору (CDC) лабораториялык керек-жарактарды сатып алуу, медперсоналды окутуу, чек араларда саламаттыкты текшерүү үчүн техникалык жардам көрсөтүү, ошондой эле клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн $1,38 млн бөлгөн.

КЫРГЫЗСТАН



ТАЖ
ИКСТАН

ДВФ негизги медициналык жана социалдык чыгымдарды каржылоо жана Тажикстандын өлкөсүнүн антикризистик чараларын ишке ашыруу үчүн $189,5 млн бөлгөн.

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду социалдык тармакты жана жалпысынан экономиканы өнүктүрүү үчүн $50 млн. көлөмүндөгү жеңилдетилген кредит бөлгөн.

Азия өнүктүрүү банкы өлкөнүн аялуу катмарын колдоого багытталган мамлекеттик чараларды ишке ашыруу үчүн $50 млн. бөлгөн.

Дүйнөлүк банк пандемия маалында саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоого багытталуучу $11.3 көлөмүндөгү кредитти жактырды.

БУУнун Өнүктүрүү программасы (UNDP) COVID-19 кризиси менен байланышкан медициналык жана социалдык-экономикалык керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн $2,7 млн бөлдү. Мындан тышкары бул сумма медициналык таштандыларды коопсуз утилизациялоо үчүн да багытталат.

Германия Өнүктүрүү Банкы (KfW) медперсонал үчүн коргоочу каражаттарды алуу жана медициналык жабдууларды пайдаланууну үйрөнүү боюнча тренингдерди каржылоо үчүн $1,1 млн жакын каражат бөлдү.

USAID лабораториялык системаларды даярдого жардам, ооруларды издөөнү активдештирүү жана жалпысынан эпидемиологиялык көзөмөлдү колдоо үчүн $866 миң көлөмдөгү каражат бөлдү.

CDC/CAR лабораториялык керек-жарактарды алуу, медперсоналдарды окутуу, чек арада ден соолукту текшерүү үчүн техникалык жардам көрсөтүү, ошондой эле клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн $1,69 млн көлөмүндөгү каражат берди.

ТАЖИКСТАН



Т
ҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстанда расмий маалыматтар боюнча коронавирусту бир да адам жуктурбагандыгына байланыштуу эл аралык уюмдар дагы пандемияны жеңүү үчүн жардам уюштуруунун зарылчылыгы жок деп эсептешүүдө. Бирок, USAID саламаттыкты сактоого, лабораториялык системаларды даярдоого, ооруларды издөөнү активдештирүүгө жана Түркмөнстандагы эпидемиологиялык көзөмөлдү колдоого жардам катары $920 миң каражат бөлгөн.

ТҮРКМӨНСТАН

COVID-19 жана анын кесепетин жеңүүгө чет өлкөлүк уюмдардын акчалай-кредиттик жардамы (АКШ доллары менен)



Макаланын башында белгилегендей бул маалыматтар ачык булактардан алынды жана бул материалда бардык эле финансылык жардамдар чагылдырылбашы да мүмкүн. Жогоруда чагылдырылган маалымат менен сиздер (PDF) катары тиркелген документтен таанышсаңыз болот.