​Борбор Азиянын студенттери Россияга окууга кете албай жатышат

Пандемия дүйнө жүзүндөгү окуу процесстерине өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизди. Чек аралардын жабылгандыгына байланыштуу көптөгөн студенттер университеттеги окууларын уланта албай жатышат. Мындай кырдаалга Россияда окуган Борбор Азиянын студенттери да кептелди.

Макаланын оригиналы CABAR.asia аналитикалык порталында жайгаштырылган.

Технология университетинин студенти Жанагуль Разакова окуу үчүн Казакстандан Москвага кете албай жатат. Россиянын чек арасында ага окуу – Россияга кирүүнүн шылтоосу эмес дешкен.

Биз автобустарда кеткенбиз жана сентябрда кайра келебиз деген ишенимде болгонбуз. Көптөгөн студенттер чыгып баратып өзүлөрүнүн кийим-кечектерин ижарага алган бөлмөлөрдө калтырышкан. Алар азыр бош, биздин жеке буюмдарыбыз – окуу үчүн керектүү ноотбуктар, китептер калды. Кээ бир тааныштарым Казакстандын айылдарында жашайт, алар аралыкта окуусу үчүн интернети да жок”.

Россиянын Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча пандемияга чейин Россияда чет мамлекеттик 298 миңге чукул студент окучу. Июлдун аягындаКеректөөчүлөрдүн укугун жана адам жыргалчылыгын коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматы: чет мамлекеттик студенттердиокууга киргизээрин, бирок өлкөгө киргенден кийин эки жумалык изоляцияда болуп, 10-12-күнү COVID-19 оорусуна ПЦР-тест тапшырышаарын билдирди.

Бирок чындыгында чет мамлекеттик студенттер үчүн мамлекетке кирүүгө тыюу салынган, ал эми онлайн-окутуу жок.

«Биз карантинде эки жума отурганга деле, эки жолу тест тапшырганга деле даярбыз. Себеби баардык эле жождор дистанттык шартта окутууга макул эмес.Биздин группада эки эле чет мамлекеттик студент барбыз, биз үчүн эч ким онлайн-окутуу өткөргөнгө макул болбосу түшүнүктүү да.Менин карындашым медицинада окуйт, ал практика жүзүндө окушу керек. Биз окуу жана жатакана үчүн акчасын төлөп жатабыз, бирок эч кандай билим албай элебиз», – дейт Кыргызстандык, Россия мамлекеттик университетинин студентиЭльдар Токобаев.

«Дистанттык окуу маалында сизге тапшырма келди деп почтага келчү. Биз «Модуль» деген платформага кирип, бардык тапшырмаларды жасачубуз. Азыр бир дагы билдирүү келбейт. Мен кирип, почтамды текшерип жатам, бирок ал жерде эч нерсе жок», – дейт Омскийдеги мамлекеттик университеттин студенти Валерий Михейкина.

Россияда окуган Кыргызстандык 484 студент Россияга кетүү үчүн ТИМден жардам сурап кайрылууга кол коюшкан. Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов 8-сентябрдагы брифингинде бул жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүүдө деп билдирген.

Казакстандагы студенттер пандемия учурунда өлкөгө кирүү үчүн негиздемеге кошуу өтүнүчү менен тикелей эле Россиянын бийлигине кат жазышкан. Кайрылууга миңге жакын киши кол койгон. Студенттердин ата-энелери окуу жайлар өзүнүн студенттерин издеп да коюшпайт деп нааразы болушууда.

«Менин уулум жарым жылдан кийин окуусун аякташы керек эле, бир гана семестри калган. Азыр илимий ишин жазмак жана практикадан өтмөк. Аны үчүн Москвада болуп, күндө китепканага барышы керек эле. Себеби бизде – Кызыл-Ордодо жада калса Казакстанда андай китептер жок. Бул жылы балам диплом ала албай калат ко деген коркунуч бар», – дейт Казакстандык студенттин апасы Гульжазира Жалгасова.

«Дүрбөлөң түшпөңүздөр»

Россияда Covid-19 оорусу биринчи жолу 2020-жылы март айынын башында катталган. Андан соң оору региондорго таркала баштаган. Коронавирусту ооздуктоонун бир амалы катары эл аралык чек араларды жабуу болду.

Сентябрь айындаРоссия чек арасын жети мамлекетке ачкан. Алсак, Түркия, Танзания, УлууБритания, Абхазия, Египет, БАЭ жана Мальдивдер менен авиа каттамдарды калыбына келтирген. Ушул мамлекеттердин студенттери гана Россияга окууга кире алышат.

РФнын Илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков чет мамлекеттик студенттердин ичинен абдан келгиси келгендер Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандыктар деген.

Казакстандын Россия федерациясындагы элчилигинде жума сайын төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жайгаштырышууда:

“Азыркы учурда ЭлчиликРоссиянын жождорунда окуган студенттердин мамлекетке кирүү маселеси жөнүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн чечимин күтүп жатат. Сиздерден бул күтүүсүз жагдайды түшүнүү менен кабыл алууңуздарды жана паникага түшпөстөн сабыр кылууңуздарды өтүнөбүз”.

Россиядагы Казакстандын элчилиги

Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттердин, анын ичинде казакстандык студенттердин окууга келүүсү РФнын профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун деңгээлинде чечилүүдө.

РФ Билим берүү жана илим министрлигинен алынган маалымат боюнча “2020-2021-окуу жылынын башталышын бир топ кечирээк мөөнөткө жылдыруу пландаштырылган жок, ал эми кошумча чечимдерди кабыл алуу дүйнө жүзүндөгү жана ошондой эле РФнын эпидемиологиялык кырдаалына көз каранды”.

Ведомстводо билдиргендей:“чет өлкөлүк жарандардын РФга 2020-2021-окуу жылынын башында эл аралык каттамдардын чектөөсүнүн айынан келүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, билимберүүчү уюмдар чектөөлөрдү алып салуу үчүн билим берүү программаларын электрондук окутууну жана аралыктагы билим берүү технологияларын пайдалануу менен ишке ашыруу керек. Мындан бөлөк сабактар кадимки жана аралыктагы форматта өтө турган аралаш формат болушу да мүмкүн”.

Ошону менен катар, Элчилик тарабынанКазак Республикасынын жарандары менен казак-орус чек арасынан өтүү шарттары боюнчаРФнын компетенттүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз иш алып барат.

Социалдык тармактардагы студенттердин тобуэгерде дагы деле университеттеринде окууга мүмкүнчүлүгү болбосо жана ижарага алган бош бөлмөлөрү үчүн акча төлөгөнгө мажбур болсо чек арага барып митинг өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгын айтышкан.

Кээ бир ата-энелер онлайн окутуу арзан жана коопсуз дешүүдө, анан да пандемиянын экинчи толкуну болот деп болжолдонуп жатат деп эсептешет.

Алма Кусаинова. Photo: CABAR.asia

«Менин жалгыз уулум Россияда студент. Ал азыр онлайн-окууда. Ооба, албетте, бул окууну оффлайн-окутуу менен салыштырып болбойт дечи. Бирок биз уулубуздун ден соолукта жана жаныбызда экендигин билебиз. Ооба, биз айылда жашайбыз, интернетибиз жок, мектептин жанындагы зым карагайдын жанында гана тартат. Бирок биз уулубузду эжесиникине шаарга жөнөттүк. Ал жакта уулум окуп да, иш да таап алды. Эми кышкы кийимдерин сатып алууну каалап жатат. Мындан мен эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун», – дейт Караганды облусунун Шет районунун жашоочусу Алма Кусаинова.

Россиянын 92% жожу окууну 1-сентябрда баштаган. Негизги талаптар – эпидемияга каршы чараларды кармануу жана дене табын текшерип туруу. Чиновниктер бардык жождор онлайн-окутууну өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар деген ишенимде.

«Мен ар бир студент үчүн онлайн-окутуу каралган деп ишенем. Эгер кандайдыр бир көйгөйлөр болсо алар дайыма арыз жаза алышат. Биз эч кимди чектеген жокпуз, эрежебаардыгы үчүн бирдей. Жана балетти да, маданият таанууну да онлайн окуп алса болот. Эч ким жатаканасыз калбайт. Россиянын Казакстандагы филиалдарында 70 миңге жакын студент окуйт. Менин оюмча ким тажрыйба чогулткусу келсе ошол жактарга кайрылса болот», – деп билдирди Россиянын жаштар жана балдар бирикмесинин улуттук кеңешинин төрагасы Григорий Петушков.

Россиянын Мамдумасында документтерди онлайн тапшыруу жөнүндө буйрук чыкты деп жатышат. Ал эми Россиянын жождоруна окууга тапшырган Борбор Азиялык студенттер Россиянын филиалдарынан окуудан өтө алышат.

Августтун аягындаРоссия федерациясынын Мамлекеттик думасынын Билим берүү жана илим боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Максим Зайцев чет элдик студенттердин Россияга кирүүсүнө уруксат берүү өтүнүчүн Билим берүү министрлигине кайрылуу жөнөткөн.

9-сентябрда тышкы иштер министри Сергей Лавров чет элдик студенттердин Россияга кайтышы жөнүндөгү так мөөнөттөр жакын арада бекитилет деп билдирген. Анын сөзү боюнча буга ылайык чечимдер кабыл алынган жана кеп чет элдик жарандардын аз-аздап келүүсүн камсыздоо маселесинде турат. Элчи бул маселе бир айдын ичинде чечилет деп кошумчалады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты