​Кыргызстан: бала асыроо боюнча расмий сандар чыныгы кырдаалды чагылдырбайт

Баяндар

Кыргызстандыктаржылда 700 бала асырап алат. Бул расмий маалыматтар, бирок эксперттер сандар бир топ жогору дешүүдө. Үй-бүлөлөр көбүнчөсү бюроктарияны айланып өтүп, балдарды мыйзамсыз эле асырап алышат.

Бул макаланын оригиналы CABAR.asia аналитикалык порталында жайгаштырылган.

Турмушка чыккан соң Ажардын (аты өзгөрүлдү) боюна бүтпөдү. Дарыгерлер бир топооруларды айтып, диагноз коюшкан, бирок көп убакытка созулган дарылануу жакшы натыйжа берген жок.

Көптөгөн ынандыруу жана киришүүлөргө карабастан үй-бүлө ажырашкан жок, 13 жыл чогуу жашагандан кийин бала багып алууну чечти. Бирок Ажар мамлекеттик органга кайрылууну эп көргөн жок – анын ою боюнча көпкө созулган бюрократиялык процесс жакпады. Анда анын бир таанышы жакында төрөй турган кыз тапкан. Ал кыз баланы тарбиялагысы келген эмес, себеби никесиз эле боюнда болуп калган.

Ажар кызды төрөгөндөн кийин баласын ага берип коюуну өтүнгөн. Акча төлөп. Кыз баш тарткан кагаз жазган жана дарыгерлер жаңы төрөлгөн баланын документтерин “тууралашкан”.

Мына ушинтип, үй-бүлө балалуу болуп калды. Бул жылы кыз алты жашка чыгат. Ал ата-энесине окшош эмес, бирок адамдар ал жөнүндө ачык айтышканда Ажар аны кулагынын сыртынан кетирет.

«Башында бул сөздөр мени капалантып жүрдү. Адамдар алардын сөзүн мен кантип кабыл алаарымды такыр ойлошпойт, — деп бөлүшөт Ажар, — бирок бул мени такыр капаландырбайт, мен аларга такыр жооп бербей коём».

Кызын жолдошу экөө жанындай жакшы көрүшөт, кызынын бакыты үчүн баарын жасаганга даяр. Үй-бүлө келечекте эркек бала асырап алууну самоодо.

Кыргызстандын мыйзамында мыйзамсыз бала багып алгандык үчүн атайын берене жок. Юрист Елена Гаврилованын сөзү боюнча ар бир окуя өзгөчө.

«Эгерде Ажардын окуясына үңүлсөк, баланын биологиялык энеси бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн баласынан баш тарткан, эгерде баланы багып алуучулар аны боюнда барында багышса, баланы аборт кылбай, көтөрүп жүргөндүгү үчүн акча төлөшсө муну донордук жөнүндө ооз жүзүндөгү макулдашуу же суррогаттык энелик деп караса болмок», – дейт Елена Гаврилова.

Юрист бул окуяда такыр төрөбөгөн аялдын атына төрөт тарыхын жазуу менен дарыгерлер кызмат орундан кыяматтык менен пайдаланган жана документтерди жасаган деп баа берет. Чындыгында баланы алмаштыруу болду. Бирок бир нерсе бар – баланы алмаштырууда өзүнө пайда келтирүү же жеке кызыкчылыкты көздөө, зыян тарткан тарап жана укугу бузулган тарап болушу керек эле. Эгерде аял башкалардын кызыкчылыгы үчүн өз ыктыяры менен баладан баш тарткан болсо, анда зыян тарткан тарап жок.

«Бирок, эгерде баланын энесине боюнда көтөргөндүгү үчүн эмес, сатып алуу үчүн акча төлөсө же эне баланы атайын сатуу үчүн көтөрсө анда бул адам сатуу болуп эсептелет жана кылмыш беренеси болуп эсептелет», – дейт Гаврилова.

КР Жазык кодексине ылайык бул адамэки жыл алты айдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бюрократия — тоскоолдукпу же коргообу?

«Репродуктивдик ден соолук боюнча альянс» Коомдук бирикменин маалыматы боюнча Кыргызстандагы 38 % үй-бүлө түгөйлөрү аялдардын же эркектердин тукумсуздук көйгөйүнө тушугууда. Бирок ар бири эле мыйзамдуу жол менен балалуу болууну туура көрөт.

Өзүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген үй-бүлө CABAR.asiaга бала багып алуу боюнча арыз бергенден бери эки жыл өттү дейт – процесс создугууда. Бул күндөрү үй-бүлө бала багып алуудан баш тартты.

Мына ушундай окуялар адамдарды асыроого талапкерлерди өз алдынча издөөгө түртөт.

2013-жылы Бишкектеги перинаталдык борбордо пациенттердин бири кызды уурдап кеткен.

2015-жылы Нарын облусунун тургуну өзүнүн беш айлык кызын бир койго алмаштыргысы келген. Таласта атасы өзүнүн эки жашар уулун сатканга аракет жасаган. Ал эми Ысык-Көл облусунда энеси үч жашар уулун сатып жиберген.

2016-жылы балдарды сатуунун беш окуясы катталган. Алардын баарын өзүнүн ата-энеси же жакын туугандары саткан.

2017-жылы үч айлык баланы сатууга аракет жасаган аялдар кармалган.

2018-жылы март айында Ош облусунун тургуну өзүнүн кызын сатканга аракет жасап, кардар да таап койгон. Ошол эле жылдын сентябрында Бишкектин бир төрөт үйүндө милиция алты баланын сатылгандыгын аныктаган.

2019-жылдын аягында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бала багып алуу процесси бир аз жеңилдеди деп билдирген. Азыр бала багып алуу үчүн булар керек:

Онлайн-каттоодон өтүү же министрликтин райондук бөлүмүнө кайрылуу;

Документтердин тизмесин жыйноо;

Багып алган үй-бүлө боюнча акысыз курстардан өтүү;

Бала же кыз багып алуу үчүн арыз жазуу;

Баланы көрүү үчүн уруксат алуу;

Сотко кайрылып, баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алуу.

Баланы же кызды багып алуу үчүн документтердин пакети мындай болот:

  • Белгиленген формадагы арыз;
  • Арыз ээлеринин паспортунун көчүрмөсү;
  • Никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүк (эгер никеде турса);
  • Жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турса);
  • жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
  • жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмө же турак жайга менчик укугун ырастоочу документ;
  • соттуулугунун жоктугу, алып салынгандыгы же тындырылгандыгы жөнүндө ички иштер органдарынын маалымкаты;
  • мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдардын тарбиялоого баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган Тизмеге ылайык оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык корутунду, бул оорулар болгон учурда адам камкордукка алуучу (көзөмөлдүк кылуучу), багып алуучу ата-эне, баланы асырап алуучу катары таанылышы мүмкүн эмес;
  • иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
  • арыз ээлеринин толук өмүр баяны;
  • кеминде үч кепилдик берүүчүдөн жазуу жүзүндөгү сунуштар.
    Багып алуучу ата-эне болууга талапкер менен туугандык мамиледе болбогон жана аны бир жылдан ашык мезгил бою билген Кыргыз Республикасынын каалаган жараны кепилдик берүүчү болот алат. Жазуу жүзүндөгү сунуштар тандалып алынган кепилдик берүүчүлөрдөн жазуу жүзүндө маек алуу аркылуу аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан чогултулат;
  • багып алуучу ата-энелерди окутуучу тиешелүү мекемелер жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген окуудан (тренингден, семинардан) өткөндүгү тууралуу маалымкат же сертификат.

Балдар жөнүндө кодекске ылайык, асырап алуу - бул өз үй-бүлөсүндө ата-энесинин камкордугунан ажырап калган баланын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чарасы. Мыйзам боюнча асырап алууга жана камкорчулукка тоголок жетим же ата-энеси ата-энелик укуктан ажыратылган балдар гана берилет.

Бала асыроо жана коррупция

«Жоопкерчиликтүү ата-энелердин мектеби» долбоору асыроочу үй-бүлөлөрдү даярдоо менен алектенет, потенциалдуу асырап алуучу ата-энелерге тренингдерди жана консультацияларды өткөрөт. Анын жетекчиси, психолог Елена Франк асырап алууга талапкерлердин документтери туура болсо (расмий иштеген жери, турак-жайынын бардыгы жөнүндө документтер жана ден соолугундагы көйгөйлөр жок болсо) анда документтерди чогултуу көп деле убакытты талап кылбайт жана кыйынчылыгы жок дейт.

Елена Франк. Жеке архивинен

Анын сөзү боюнча кыйынчылыктар эки этапта болушу мүмкүн. Биринчиси – ата-энелердин документи жок болуп, ага тийиштүү көйгөйлөрдү чечүүгө туура келсе.

«Кээде атайын кызматтагы кызматкерлер бул жактагы көйгөйдү жана асырап алуучулардын бул маселедеги компетентсиздигин көрүп, улам түрдүү маалымкаттарды сурашып, алар асырап алуучу ата-эне болушу үчүн чечим чыгартууда акча төлөтүүгө мажбурлашат», – дейт Елена Франк.

Экинчи этап бардык документтерди чогултканда жана ата-энелер чечимге жетип баланы издегенде башталат. Көбүнчөсү көйгөйлөр же ата-энелер же үй-бүлөнү жана балдарды боюнча колдоо бөлүмүнүн (ОПСД) кызматкерлери тарабынан пайда болот. Франктын сөзү боюнча талапкерлер жаңы төрөлгөн баланын кайсы бир жынысын, улутун, көзүнүн же чачынын түсүн, көзүнүн формасын тандашат – баары анын биологиялык баласы экен деп ишенишсин деген ойдо болушат.

«А андай балдар көп деле эмес жана ыгын тапкан кызматкерлер өзүлөрүайткан акчага керектүү баланы таап беребиз деп ишендиришет. Же ата-энелер каалаган баланы табышканда алардан документтерди каттоо үчүн акча талап кылышат. Менин тажрыйбамда ата-энелердин колуна баланы берип, ага көндүрүп, эгер баланы алгылары келсе акча төлөшү керектигин айтканын көргөм», – дейт психолог.

Бардык эле ата-энелер баланы багып алуу үчүн даярдыгы бар экендигине ишене беришпейт же туура эмес себептери бар деп кошумчалады психолог. Мындайлар баланы издешет жана тандашат, ар кайсы бала бакчаларга барышат, балдар менен таанышат, алардын “жарабастыгын” текшерүү үчүн ооруканаларга жана психологдорго алып барышат да анан баланы албайт.

Статистика эмне дейт?

КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын июнунда Кыргызстанда интернат тибиндеги 140 балдар мекемеси катталган. Ал жерде 10,3 миң бала тарбияланып жатат. Алардын ичинен 4%ы тоголок жетим.

Кыргызстанда 10 миңден ашык бала балдар интернаттарында жашашат.

2020-жылдын июнь айына карата маалыматтар.

Коомдо ар түрдүү пикирлердин бар экендигине карабастан Кыргызстан үчүн баланы асырап алуу расмий статистика боюнча өтө деле сейрек көрүнүш эмес. Мында кыргызстандыктарды үй-бүлөсүнө багып алган чет мамлекеттиктердин үлүшү жалпы санда өтө эле аз пайызды түзөт.

Үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башкы адиси Чолпон Жумакунова CABAR.asiaга чет элдиктер асырап алган балдар аларды асыроочулар жашаган мамлекетте аккредитацияланган КР элчилигинде же консулдук мекемеде каттоого турушат деп билдирди. Аккредитациядан өткөн чет мамлекеттик уюмдардын өкүлчүлүктөрү асырап алынган балдардын жашоо шарты, тарбиялануусу жана багуусу жөнүндө отчетторду берип турушат.

Бирок, Елена Франктын ою боюнча, мыйзамсыз асыроонун айынан сандар төмөн көрсөтүлгөн.

«Чындыгында кыргызстандыктар балдарды көп эле багып алышат, көйгөй – балдарды мыйзамсыз алышууда жана адамдар асырап алган баласы бар экендигин айта беришпейт. Алар балдарды ымыркай кезинде алышат, жаңы төрөлгөн ымыркайларды тапканга аракет жасашат жана ооруканадагы аялдарга же баладан баш тарткысы келген боюнда бар аялдарга акча төлөшөт», – деп түшүндүрөт ал.

Кыргызстандагы бала асыроонун расмий статистикасына карасак көптөгөн асыроочу ата-энелер кичинекей балдарды тандашат.

Кызыкчылыктардын конфликти

Кыргызстанда бала асыроо боюнча азыркы кырдаал эксперттердин ою боюнча такыр туура эмес жана кызыкчылыктардын конфликтин пайда кылат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бала асыроо процессин башынан аягына чейин жүргүзөт: ага ылайык бөлүм ата-энелердин маалыматтарын маалымат базасына киргизет, ошол эле бөлүм кезекке коет жана ошол эле убакытта потенциалдуу ата-энелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Демек, мекеме баарына жоопкерчилик алган. Ал эми кызыкчылыктардын конфликти — өткөрүүчү жана көзөмөлдөөчү бир тарапта дейт «Лига защитников прав ребенка» Коомдук фондунун директору Назгүль Турдубекова.

«Бардык цивилизациялуу өлкөлөрдө мамлекет коомдук уюмдарга аккредитация берет, аларга каражат төлөйт. Алар жетим балдарды жана аларга ата-энелерди издеп табыштырышат. Мамлекет ошону менен катар балдарды сатпашы, зыян келтирбеши жана балдарды сапатсыз жерге жайгаштырбашы же ата-энелерди жакшы тандашы үчүн катуу көзөмөлгө алат жана мониторинг жүргүзөт.Эгерде уюмдар мыйзамды бузушса же өзүнүн милдетин так аткара албаса, анда аккредитациясын алып коёт», – деп белгилейт Турдубекова.

Асырап алгандан кийинки жашоо

Кыргызстанда асырап алуу сыры мыйзам тарабынан корголгон. Бирок эксперттер мына ушул ченем асыранды баланын жаңы үй-бүлөдө адаптацияланышына тоскоол болот деп эсептейт.

«Асырап алуу сырын алып коюу туура, ата-энелер өзүнүн жүзүн көрсөтүшү керек. Алар асырап алгысы келген ата-энелер экендигин ачык айтышы керек жана башка асырап алуучулар менен биргеликте окуудан өтүшү зарыл, — дейт Турдубекова. — Асырап алуу — бул бөтөн үй-бүлөдөгү баланы алуу, өзүнүн баласына кылгандай мамиле жасоо, бирок ар бир эле үй-бүлө чындыгында буга даяр боло бербейт».

Назгуль Турдубекова. Photo: CABAR.asia

Укук коргоочу үй-бүлө өзүнүн мүмкүнчүлүгүн реалдуу баалашы керек, психологдун баалоосунан өтүүсү парз, себеби өзүнүн баласын тарбиялоодо деле кыйынчылыктар чыгышы мүмкүн деп эсептейт. Ал эми бөтөн баланы тарбиялоодо так ошондой кырдаалдагы адамдар менен тажрыйба бөлүшүү керек, көйгөйлөр жөнүндө унчукпай калбай форумдарды өткөрүү абзел.

«Бөтөн баланы үй-бүлөгө алган ата-энелер өнөктөш болушу шарт жана кыйынчылыктарды ачык айтышы, ишенимдүү мамилелерди түзүшү керек. Мына ошол нерселердин жоктугуна байланыштуу балдарды асырап алгандар алардан кайра баш тартып жатышат. Ал эми биздин коомду алсак, айланадагылардын өйдө-төмөн сөзүнөн коркушат, асыроо кээ бир үй-бүлөлөрдө – өтө чоң сыр. Кээ бир аялдар асыроонун алдында коомдогу басынтуудан коркушуп, боюнда бар өңдөнүп жүрүшөт», – дейт Турдубекова.