​Жогорку сот «Азия Ньюс» гезитин министрге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

  • 4 года мурун

Жогорку сот «Азия Ньюс» гезитинин апелляциялык арызын 23-сентябрда карады. Анда Бишкек шаардык сотунун буга чейинки чечими күчүндө калтырылганын гезиттин коомдук жактоочусу, жарандык активист Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Жогорку соттун чечимине ылайык, гезиттин жетекчилиги ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Экинчи инстанциянын чечими өзгөртүүсүз калганын Жогорку соттун басма сөз кызматы да ырастады.

Быйыл 26-февралда Бишкек шаардык соту гезитти министрге 300 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Басылманын редактору Аслан Сартбаев жана жактоочулар буга макул болбой, Жогорку сотко даттанган.

Жогорку соттун 23-сентябрдагы чечими акыркы жана ага каршы даттанууга болбойт.

Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. «Гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деген негизде бешмиллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Министрдин доо арызын алгач Бишкектин Октябрь райондук соту карап, былтыр декабрда Жунушалиевдин пайдасына чечим чыгарган жана гезитти миллион сом айыпка жыккан.

Басылманын жетекчилери райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылышкан.

Буга чейин «Азия Ньюсу»гезитин мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да сотко берип, миллион сом доого жыгылганы белгилүү. Мындан тышкары гезит Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп, ага 15 миң сом төлөй турган болгон.

Сүрөттө: Кашкар Жунушалиев. Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты