​Коронавирус дагы 88 кишиден аныкталды

  • 4 года мурун

23-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 88 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 9;
Ош — 1;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 24;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу — 29.

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 4 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3208 жетти. Алардын арасынан 2874 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди .

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 45 630 кишиге жетти.

108 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 41 904 кө жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты