Кыргызстан Орусиядан көбүрөөк күйүүчү май сурап жатат

  • 4 года мурун

Кыргызстан июндун аягында Орусиядан кийинки жылы бажы алымысыз дизель отунун көбүрөөк жеткирүүнү өтүнгөн. Бирок азырынча күйүүчү майга болгон сурооталаптын эмне себептен жогорулагандыгы боюнча орус тараптын суроолоруна жооп бериле элек.

Бул тууралуу Кыргызстандын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Мекеменин 29-июнда Орусиянын энергетика министрлигине жөнөткөн катында бажы алымысыз дизель отунун канчага көбөйтүү керектиги жөнүндө так жазылган эмес. Жооп катары орус тарап дизелдин запасы жана ага болгон суроо-талаптын жогорулашынын себептерин сураган.

Өз кезегинде Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тиешелүү маалыматтарды бажы алымысыз күйүүчү майды көбөйтүүнү өтүнгөн Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан сураган. Бирок азырынча мекеме бул боюнча маалымат жөнөтө элек.

Орусия Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май базарында дээрлик монополист болуп эсептелет. Өлкөнүн бензинге жана дизелге болгон бир жылдык муктаждыгы 1 миллион тоннадан ашат. Кыргызстан менен Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө экенине карабастан, күйүүчү май жеткирүү маселеси эки тараптуу макулдашуу менен көзөмөлдөнөт.

Кыргызстан жыл сайын Орусиядан бажы алымысыз 1 миллион тоннага жакын күйүүчү-майлоочу май сатып алат. Анын көлөмү тараптардын макулдашуусу менен бекитилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты