Орусия коронавируска каршы вакцина менен камсыздоодо Кыргызстанга артыкчылык берет

  • 4 года мурун

Орусия коронавируска каршы вакцина менен камсыздоодо Кыргызстанга артыкчылык берет. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда билдирди.

Анын айтымында, Орусия коронавирустун жаңы тибине каршы вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселесине артыкчылык бермекчи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-сентябрда, Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Оверчук өлкөгө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына катышууга делегацияны баштап келген.

Орусия сыноодон өткөрүп жаткан коронавируска каршы вакцинаны алып келүү боюнча эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөшүп жатканын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мурдараак «Биринчи радиодогу» маегинде айткан.

Дүйнөдөгү айрым илимпоздор Орусияда даярдалган вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышкан. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин билдирген.

Кыргызстанда 22-сентябрга карата 71 адамдан коронавирус табылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты