​Жээнбеков БУУ сессиясында тышкы карызды реструктуризациялоону сунуштады

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасады.

«Пандемия биздин өлкөлөрдүн социалдык чөйрөсү менен экономикасына терс таасирин тийгизди. Орто жана чакан бизнес жабыркады. Кыргызстан мындай оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өнөктөш-өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирет.

Коронавирустун кесепети тышкы карыз көйгөйүнө катуу таасирин тийгизди. „Чоң жыйырмалыкка“ жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем.

Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз» деди Президент.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты