Партиялардын логотиптери плагиатпы?

Шайлоо жакындап шаарыбыздын көчөлөрү партиялардын ар түрдүү баннерлерине толуп калган учуру. Айрым партиялардын логотиптери өздөрүнө таандык эмес, плагиат экени социалдык тармактарда талкууланып жаткан учуру. ПолитКлиника медиасы партиянын логотиптерин текшерип көрдү.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы

Бул — “Мекеним Кыргызстан” партиясынын расмий логотиби. Партия 2015-жылы түзүлгөн. Баштапкы логотиби башкача болгону менен, шайлоо үчүн сары, кызыл желекчелери бар жана ортосунда партиянын ысымы жазылган логотип иштеп чыгышкан.

Партиянын бул логотибиндеги элементтер, түстөр, шрифттер Грециянын “Демократиялык солчулдар” партиясынын логотибиндеги элементтерге окшош. “Демократиялык солчулдар” партиясы 2010-жылы түзүлгөн.

Эки партиянын башкы түстөрү окшош (кызыл, сары, кара). “Мекеним Кыргызстан” партиясы кызыл түстөгү желектин бир бутагын алып, сары желекче кошуп койгондой.

Бул Македониянын “Обнова на Македонија” жаңылык порталынын логотиби. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын логотибиндеги геометриялык элементтер, башкы өңдөрдөгү окшоштуктар дароо байкалат.

“Биримдик” партиясы

“Биримдик” партиясынын логотиби дагы шек жаратат.

Сүрөттө кызыл, көк түстөр менен боз үй тартылган. Буга окшош дагы бир канча логотиптер интернет барактарында арбын.

“Markaz Live”— Индиянын телекомпаниясы, “Благотварительный фонд Байкал”- Россиянын Иркутск шаарындагы кайрымдуулук фонду, “Jamiya Markaz” Индиядагы академиялык, кайрымдуулук фонду.

Партиянын логотибиндеги негизги түстөр Россиянын “Единая Россия” партиясынын логотибиндеги негизги түстөр менен окшош.

Партиянын мурунку логотиби дагы “Единая Россиянын” логотибине окшоп турат.



“Ыйман Нуру” партиясы

Логотипте көк жана жашыл түстөрдөгү тегеректер тартылган. Дал эле ушундай формадагы тегерекчелер “Apple” компаниясынын таратуу тиркемесинде бар.

Партиянын Facebook баракчасында- “Ыйман Нуру” — адилеттүүлүктүн жана өнүгүүнүн партиясы деп жазылып турат. Ал эми Түркиянын “Adalet ve Kalkınma partisi” партиясынын которулушу — “Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы”.



“Кыргызстан” партиясы

“Кыргызстан” партиясынын логотибин көргөндө түстөрү дагы, ичиндеги күнү дагы Казакстан Республикасынын желегинен көчүрүлгөндөй элес калтырат.

“Ormon Branding Agency” бренддик агенттигинин директору Бермет Турсалиева:

“Плагиат деп айтуу кыйын. Себеби, аны патенттен далилдеш керек. Геометрикалык фигураларды, элементтерди, өңдөрдү меники деп эч ким менчиктей албайт. Кээ бир дизайнерлер бар, бир дизайнды алып бир жагын кесип, экинчи жагын чоюп коюп эле сунуштай берет. Бирок айрым дизайнерлер чындап эле башка бирөөнүн дизайнынан илхом алып, ага окшош продукт жараткысы келет”, — деп билдирди.

Жогоруда бир канча партиянын башкы атрибуттарындагы окшоштуктарды көрдүңүздөр. Бул жөн гана дал келүүбү же партиялардын дизайнерлеринин идеясынын чабалдыгыбы өзүңүздөр баа бериңиздер.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты