​Орусия Кыргызстан, Казакстан жана Беларус менен аба каттамдарын жандантат

  • 4 года мурун

21-сентябрдан тартып Орусия Кыргызстан, Казакстан, Беларус жана Түштүк Корея менен аба каттамдарын жандантат.

Тиешелүү буйрукка Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгонун орус өкмөтүнүн расмий сайты кабарлады.

Орусиянын коронавирустун алдын алуу боюнча ыкчам штабынын 18-сентябрдагы чечимине ылайык, 21-сентябрдан тартып Москвадан Бишкекке, Нур-Султанга, Минскиге, ал эми 27-сентябрдан тартып Сеулга жумасына бир жолу учак каттамакчы.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев буга чейин Кыргызстан Орусия тарапка аба каттамдарын жандантуу боюнча сунуш бергенин, ал колдоо тапса туруктуу каттамдар ачыларын айткан.

Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда эл аралык жана ички аба каттамдары токтотулган. Марттан августка чейинки аралыкта Орусиядан 153 чартердик каттам уюштурулуп, 27 296 кыргызстандык жаран жеткирилген.

20-сентябрдан тартып Алматы-Бишкек-Алматы багытындагы каттам жүргүзүлө баштаары кабарланган. Ал аптасына эки жолу: шейшемби жана жекшемби күндөрү болот.

Август, сентябрь айларында Кыргызстан Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын ишке киргизген.

Сүрөт: www aero.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты