COVID-19: 55 кишиден аныкталды

  • 4 года мурун

21-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 55 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 8;
Ош — 1;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу — 7;
Талас облусу — 5;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу — 25.

Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 6 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3202 ге жетти. Алардын арасынан 2822 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди .

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 45 471 кишиге жетти.

104 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 41 682ге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты