​Алмазбек Атамбаев 64 жашка чыкты

17-сентябрь- мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Ал 64 жашы курагын абакта өткөрүп жатат, оор кылмыштар менен айыпталып.

Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктайбыз. Журналисттер менен пресс-конференция учурундагы бир жообу эске түштү. 2016-жылы Президенттин «Судьбе назло» аттуу ырын угуп, ыр жазып калгандыгы тууралуу суроо бергенимде мындайча жооп узаткан:

-Жакында бир мамлекетке учуп бармак болчубуз, Өзбекстан, Ташкент беле, Стамбул беле, учаарга эки күн калганда айтышты, авиа агенттиктин жетекчисинин бирөө жазыптыр, Президенттин самолету менен учса болбойт, учуп жетпейт деп, 25 жылдык самолет да. Анан кантип рейс менен учуп барасың Кыргызстандын шагы сынып калат дегендей.

«Учуп бара берели» дедим кудай сактасын деп. Кийин ал калп, ойлонбой жазылган кат болуп чыкты. Учуп баратканда ойлодум, биринчиден мен го, алтымышка жакындадым, өтүп кетсем деле кудайга арманым жок, (не страшно умирать), а бирок самолетто жаш балдар учуп келди, кудайга шүгүр, сактап калды. Ошондо өтүп кетсем, көптөн бери жазган ырларым бар, жок дегенде ошону калтырып кетишим керек деп ойлоп койдум. Кол жазмалар кала берет, обондуу ырлардын обонун жаздырыш керек.

Бир күнү убакыт таап, 5 ырымды жаздыргам, болгону 47 мүнөт кетти. Ал ырларды угуп алып, Фурхат Турсунов деген досум клип чыгарып жатат. Бир жаш бала чыгарып жатат.

Орусча да, кыргызча да ырларым бар, аларды жаздырып калгым келди. Балким, жазып туруп, катып коюшум керек беле, билбейм.

«Ушундай Situation» деген Алмазбек Атамбаев, — суроого жооп берип.

Атамбаевдин «Судьбе назло» -( «Тагдырдын жазмышына карабастан») аттуу ыры.

Айгүл Бакеева

Сүрөт жана видео: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты