​Спикер Дастан Жумабеков жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом сүйүнчү пул бергендиги БШКда каралат

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева өзүнүн фейсбук баракчасына “Кыргызстан” партиясынан талапкер Дастан Жумабеков Таласка болгон иш сапарында, жаңы төрөлгөн ымыркайга акча бергендиги тууралуу “Алгачкы 50 миң сом алган бөбөгүбүз” — деп пост жазып, сүрөттөрдү киргизген. Кийин жазганын өзгөрткөн. Бул маалыматты Полит Клиника медиасынын журналисттери текшерип көрдү.

Маалымат чыккан соң, Фейсбук колдонуучулары: “Бул паракорчулук эмеспи?” — деп сындап жазган.

Бул боюнча төраганын маалымат катчысы Жоомарт Максатбеков жаңы көз жарган келинге берилген сүйүнчү пул “Кыргызстан” партиясынын атынан берилбегендигин баса белгилейт.

“Ооба, азыркы учурда 50 миң сом берген деген маалымат тарап кетиптир. Бергени чын. Жаңы төрөгөн келин баласынын атын Дастан Жумабековдун ысымынан койгон экен, ошого салт боюнча өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан 50 миң сом берген. Бирок, суйунчу пул “Кыргызстан” партиясынын атынан берилген эмес” — дейт ал.

Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 192-беренесине ылайык:

Шайлоо өткөрүү мезгилинде акча төлөө же болбосо акча каражаттарын таркатуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кайсы-бир кызмат ордун же башка ыраазычылыктарды алууга өбөлгө түзүү аркылуу шайлоочулардысатып алуу –

IV категориядагы айып салууга жазаланат.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, мамлекеттик бийликтин шайлануучу органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ушуга тете эле талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар тарабынан жасалган ушул эле жосун, –

V категориядагы айып салуу же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Аталган иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул маселе БШКда каралаарын айтып, административдик ресурс катары сыпаттады:

“Дастан Жумабеков сүйүнчү акчаны өзүнүн акчасынан берген экен. Бул иш боюнча мыйзамда дагы каралган эрежени бузуу деп эсептелет. Биринчиден, Жумабеков өз кызматынан пайдалануу менен үгүт маалында берген сүйүнчү акчасы административдик ресурс. Экинчиден, кайрымдуулук же добуштарды сатып алуу аракети. Азыр БШКнын мүчөлөрүнө сунуш киргиздим. Бул маселени тез арада карап, саясый партиянын өзүн же талапкерин чектетүү боюнча БШКнын жыйынында каралат” — деди Абдрахматова.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты