COVID-19: 73 кишиден аныкталды

  • 4 года мурун

16-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 73 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 11;
Ош – 3;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу — 14;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу — 18.

Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 6 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3181 ге жетти. Алардын арасынан 2719 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди .

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 45 072 ге жетти.

107 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 41 210го жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты