Спикерден сүйүнчү: БШК маселени кийинкиге калтырды

  • 4 года мурун

«Кыргызстан» партиясынын катарында депутаттыкка талапкер, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков көз жарган энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени боюнча маселени кароо сунушу бүгүн өткөн жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Шайлоо эрежесине ылайык, үгүт маалында көрсөтүлгөн материалдык жардамдын бардык түрү добуш сатып алуу болуп саналат.

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова Жумабеков өз макамын пайдалануу менен үгүт маалында берген сүйүнчү пул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелерин билдирди. Абдрахматова маселени БШКнын бүгүнкү жыйынында кароо сунушун киргизген, бирок ал маселе кийинкиге калтырылды.

14-сентябрда Интернеттеги социалдык түйүндөргө «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков көз жарган келинге 50 миң сом сүйүнчү берген учурдагы сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн.

Анын алдында БШК «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берген.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты