​71 бейтап коронавируска кабылды

  • 4 года мурун

15-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 71 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 13;

Ош — 3;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу — 9;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу — 23.

Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 2 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3274 кө жетти. Алардын арасынан 2710 бейтап сакайып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов билдирди .

-Айрыкча Баткен облусу бизди кооптондурат. Башка жактарда стабилдүү, — деп билдирди саламаттык сактоо министри.

Ошондой эле 7-сентябрдан 13-сентябрга чейинки аралыкта Ысык-Көл облусундагы жана Бишкек шаарында да көрсөткүч жалпы республикалык көрсөткүчтөн жогору экендиги белгиленди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 999 га жетти.

80 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 41 103 кө жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты